Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Президент селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды


Сел каптаган үйлөрдүн бири. Ылай-Талаа айылы, Кара-Кулжа району. Ош. 22-апрель, 2024-жыл.
Сел каптаган үйлөрдүн бири. Ылай-Талаа айылы, Кара-Кулжа району. Ош. 22-апрель, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы бир нече күндөн бери селден жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ага ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан такталып чыккандан кийин, жабыркаган жарандарга тийиштүү жардам берилет.

Басма сөз катчынын постунда селден улам айрым кооптуу аймактардын эли убактылуу эвакуацияланып жатканы, селдин кесепетинен улам үйлөргө, короо жайларга зыян келтирилгени жазылып, "бирок бул
масштабдуу мүнөзгө ээ эмес" деп белгиленген.

Мындан тышкары мамлекеттик тийиштүү түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү экени көрсөтүлгөн.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу каптаган жана бир катар автоунаа жолдору жабылган. Буга байланыштуу аталган облустарда чукул кырдаал жарыяланды.

ӨКМ учурда бардык аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын, куткаруучулар, жумушчулар жана атайын техника жетиштүү экенин билдирүүдө.

Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG