Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

УКМК Токтобүбү Оргалчага таандык бажы терминалы мамлекетке кайтарылганын маалымдады


Токтобүбү Оргалчага таандык “Мега Компани” компаниясынын бажы терминалы.
Токтобүбү Оргалчага таандык “Мега Компани” компаниясынын бажы терминалы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында жайгашкан, ишкер Токтобүбү Оргалчага таандык “Мега Компани” компаниясынын бажы терминалынын айланасындагы жагдай тууралуу билдирүү таратты.

Мекеме быйыл март айында "Мега Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишинин жана жер тилкесин алуунун мыйзамдуулугун текшерүү жүргөнүн билдирет. Анын натыйжасында терминал Талдык дарыясынын жээгинде, суу коргоочу зонанын аймагында курулгандыгы, ал жерде эч кандай уруксат берүүчү документтери жок капиталдык курулуш тургузулгандыгы аныкталган.

Ижара келишиминин шарттарына ылайык, ижарачы алынган аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү менен алектениши керек болгон. Текшерүү маалында ал иштер аткарылбагандыгы такталган.

УКМК тергөө иштеринин алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Жар айылындагы Ак-10, 62, 62а контурлары, жалпы аянты 7,49 гектар жер тилкеси Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлдү. Жер тилкелердин болжолдуу баасы 520 миллион сомдон ашык деп бааланган.

Учурда терминалдын өзүнүн мүлкүн өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат. Баштапкы эсептөөлөр боюнча анын наркы кошумча 54 миллион сомду түзөт деп саналууда.

Атайын кызмат тактагандай, "Мега Компани" жер тилкесин пайдаланган учурда андан бюджетке аз гана өлчөмдө салык түшүп турган. Жер тилкеси "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөндөн кийин, 3-марттан ушул күнгө чейин ишкананын пайдасына 22 млн 188 миң 500 сом түшкөнү маалымдалат.

Соңку бир-эки жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлер Токтобүбү Оргалчага таандык “Мега Компани” компаниясы тууралуу иликтөөлөрдү жарыялап, ал Кара-Суу районундагы жер тилкесин мыйзамсыз алып, анда бажы терминалын куруп алгандыгын кабарлап келишкен. Кийин ишкана дагы кошумча жер тилкелерин аукционсуз утканы маалымдалган.

Токтобүбү Оргалча - Кытайда төрөлгөн этностук кыргыз. Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкөдө “Мега Компани”, “Томас KG” жана “Шыдыр Жол КG” деген компанияларды ачкан.

Оргалчанын ысымы 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган. Ал “Альянс” партиясынын катарында шайлоого катышып, соңунда партия 5 мандат алган. Шайлоо аяктаган соң Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде "Альянс" партиясынан Жанарбек Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта талаш-талкуу жаратып, сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Ишкер Токтобүбү Оргалча 2023-жылы октябрда алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыккан. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Токтобүбү Оргалча Фейсбуктагы баракчасында башка темалар жөнүндө пост жазып турганы менен, өзүнө байланыштуу иштер тууралуу билдирүү жасабайт. Ишкер УКМКнын соңку маалыматы тууралуу да комментарий бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG