Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Бишкекте төрт айлык ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду


Төрөтканадагы ымыркай. Иллюстрациялык сүрөт.
Төрөтканадагы ымыркай. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордун Октябрь районунун прокуратурасы Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборундагы төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүп, анын соңунда кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 8-апрелде С.Н. аттуу жаран өзүнүн багып алган төрт айлык ымыркай кызына өздүгүн аныктоочу документин алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган. Башкармалыктын кызматкерлери ымыркай кыздын өздүгүн аныктоочу документи жок болгондугуна байланыштуу “102” кайгуул кызматына кабар беришкен.

Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлери социалдык кызматкерлер менен бирге баланын бакубат абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу факторлорду карабастан, бала төрт айдан бери белгилүү бир адамдын камкордугунда болгондугун эске алышпастан, С.Н. аттуу жарандын эркине каршы ымыркайды андан тартып алып, жогоруда көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборуна тапшырышкан.

Реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлери өздөрүнүн иш милдеттерине шалаакылык мамиле жасагандыгынын кесепетинен ымыркай 12-апрелде көз жумган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмыш ишин тергөө амалдарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү жүргүзүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG