Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Депутат Ормонов Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн маселесин чечүү жолун сунуштады


Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 23-апрелдеги жыйынында Бишкектин Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги талаштуу имарат тууралуу маалымат укту.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысынын орун басары Талантбек Иманакун уулу, Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманапов жана башкалар кыскача маалымат берип, курулуштун башынан уруксат кагаздарын албай, мыйзамсыз жүргөнүн айтышты. Алар имарат бизнес борбору катары курулганын, анда жашоого шарттар каралбаганын, ошол себептүү жашоочулар чыгарыла турганын билдиришти.

Маселе боюнча депутаттык угууну демилгелеген эл өкүлү Улукбек Ормонов имарат турак-жай катары катталбаса, анда мүлктү сатып алгандарга аны коммерциялык объект катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады.

“Мэрдин, курулуш агенттигинин өкүлүнүн, прокурордун, бардыгынын сөзү “бул имарат турак жай эмес, соода борбору” дегенге такап жатышат. Макул, соода борбору болсун. Мында ошол жерлерди батир катары сатып алган адамдарга соода борборунун бир бөлүгү катары менчигинде калсын деген суроо турат. Болуптур, алар үй катары төлөп, мыйзамсыз киришиптир. Бирок алар акча төлөшкөн да, бардык эсеп-дүмүрчөктөрү бар экен. Канча акча төлөсө, ошончо чарчы аянт аларга берилип, алар кааласа аны коммерциялык багытта колдоно беришсин. Жарандар “апартамент” деген сөздү “жашай турган жер” деп түшүнүп алышыптыр, бирок буга алар күнөөлүү эмес. Аны ушул көзөмөлдөй турган органдар карашы керек болчу. Эми бардыгын айдап жиберип, анан, “камалган кишиден тыйын алып ал” деген туура эмес”, – деди Улукбек Ормонов.

Бишкек шаарынын Сүйөркулов 16/1 (Суеркулов) дарегинде жашаган имараттагы маселе февраль айында башталган. 9-февралда талаштуу имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен. Бийлик өкүлдөрү имарат жайгашкан жер 2008-жылы бизнес борбор үчүн 49 жылга ижарага берилгенин, курулуш иштери 2017-жылы башталып, кийин турак жай катары мыйзамсыз сатылып кеткенин билдиришкен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан. 1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулганын айтты. Орто-Сай базарынын жанындагы имаратка милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери келген.

Жашоочулар мындан кийин да үйдөн чыгуудан баш тартып, мэр менен кайра кездешкен. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, жардам сурашкан.

Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG