Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Улуттук банк рыноктон дагы 25,8 млн доллар сатып алды


АКШ доллары жана кыргыз сому. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары жана кыргыз сому. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы дагы интервенция жасап, валюта базарынан кайрадан 25 850 000 доллар сатып алды. Бул тууралуу башкы банктын сайтында жарыяланды.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери төртүнчү ирет тескери интервенция жасап, доллар сатып алууда.

Алгачкы ирет 27-мартта валюта базарынан 9 млн доллар сатып алган. 8-апрелде 17,1 млн доллар, 17-апрелде 19,2 млн доллар сатып алган.

Февраль жана март айларында доллардын серпилүүсүнүн алдын алуу максатында Улуттук банк 31 млн 850 миң долларды валюта базарына саткан.

Улуттук банк 2023-жылы сомдун курсун бир калыпта кармоо үчүн 655,72 млн долларды соодалаган.

"Интервенция" деген сөз (лат. interventio) "кийлигишүү" дегенди билдирет. Финансы тармагында валюталык рынокко кийлигишип, чет элдик валюталардын курсун туруктуу кармоо үчүн жасалган операциялар ушундай аталат.

Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, ушул күндөрү доллар 88 сом 90 тыйын, евро 94,74 сом, рубль 95 тыйын жана казак теңгеси 19 тыйын болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG