Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Кыргызстан-АКШ консультациясы: Жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин абалы талкууланды


Айбек Молдогазиев жана Жон Марк Поммершайм баштаган топтордун кездешүүсү. 22-апрель, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Айбек Молдогазиев жана Жон Марк Поммершайм баштаган топтордун кездешүүсү. 22-апрель, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев баштаган топ АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм жетектеген топ жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультацияларды ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Кездешүү 22-апрелде Бишкекте өтүп, анын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү жарыяланды. Анда тараптар 2023-жылдын 22-сентябрында Нью-Йоркто өткөн С5+1 тарыхый саммитинин Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгына жана эки тараптын жалпы милдеттенмесине болгон оң таасирин баса белгилешти.

Катышуучулар коопсуздук боюнча кызматташтыкты, анын ичинде терроризмге каршы күрөштү, чек араларды коргоону, глобалдык ден соолук коопсуздугун, жана коргонуу тармагындагы уланып жаткан кызматташтыкты талкуулашты. Мындан сырткары экономикалык шериктештик, инвестиция тартуу, жарандык коом жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу маселелерди талкуулашты.

“Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттары сөз эркиндигинин, күчтүү жарандык коомдун, адам укуктарынын - анын ичинде аялдардын укуктарын урматтоо жана гендердик зомбулуктан ишенимдүү коргоону, соттордун көз карандысыздыгын жана коррупцияга каршы күрөштү биздин бирдиктүү максатка жетүүдөгү – өнүккөн жана коопсуз Кыргыз Республикасы үчүн ажырагыс шарт экенин ырасташты”, – деп айтылат жылдык эки тараптуу консультациянын (ЖЭК) биргелешкен билдирүүсүндө.

Айбек Молдогазиев менен Жон Марк Поммершайм кийинки отурумду 2025-жылы Вашингтондо өткөрүү ниетин билдиришти.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм Бишкекке 22-апрелде келген. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев алгач аны менен жекече жолугушуу өткөргөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG