Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Талас районунун айылдарында да сел жүрдү


Талас районунда болгон сел.
Талас районунда болгон сел.

22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүргөн аймактарга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги маалыматтарды тактоо, селдин кесепеттерин жоюу багытында иштеп жатышканын билдирди.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.

Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG