Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Кэмерон Кыргызстанда демократия маселесин талкуулаганын айтты


Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Азаттыктын" кабарчысы Кубат Касымбеков менен маектешип жаткан учур. 22-апрель, 2024-жыл.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Азаттыктын" кабарчысы Кубат Касымбеков менен маектешип жаткан учур. 22-апрель, 2024-жыл.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын президент Садыр Жапаров баштаган расмий жетекчилери менен жолугушуусунда демократия, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар тууралуу да сөз кылганын “Азаттыкка” маегинде айтты.

“Бардык маселелерди, анын ичинде дени сак жана ишке жөндөмдүү демократия маселесин талкууладык. Бул менин өлкөмдүн жана сиздин өлкөңүздүн кызыкчылыгындагы маселе. Биз ыктыярчылардын, кайрымдуулук уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коом уюмдарынын мааниси тууралуу сөз кылдык. Бул биздин өлкөлөрүбүздүн, биздин демократиябыздын бир бөлүгү”, - деди Кэмерон.

Ал Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы басма сөз эркиндигин жана жарандык мейкиндикти чектеген чечимдер тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, жарандык коомдун ролу маанилүү экенин кошумчалады.

“Албетте, биз ар дайым бири-бирибиздин айырмачылыгыбызга, бири-бирибиздин аракеттибизге сый мамиле кылышыбыз керек. Бирок, менин оюмча, биздин демократиябыздын ишин жакшыртуу маселесинде жарандык коом уюмдарынын ролу бар. Биз Британияда ушундай иш алып барабыз”, - деп кошумчалады Кэмерон.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борбор Азия жана Монголия сапарынын алкагында 22-апрелде Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту.

“Чек арасыз кабарчылар” жана Amnesty International сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстанда жана Борбор Азиянын башка аймактарында басма сөз эркиндиги начарлаганын, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүл” атка конгон мыйзам сыяктуу бир катар чектөөлөргө туш болгонун билдирип келет. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, демократиялык баалуулуктар сакталарын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG