Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

ATACMS ракеталары Украинага кийинки аптада жөнөтүлүшү мүмкүн


Алыска сокку ура алчу ATACMS ракеталары.
Алыска сокку ура алчу ATACMS ракеталары.

АКШнын аскердик жардамынын жаңы топтому, анын ичинде алыска сокку ура алчу ATACMS ракеталары Киевге кийинки аптада жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу CBS News телеканалына маек куруп жатып демократ-сенатор Марк Уорнер билдирди.

“Мыйзам долбооруна президент кол коеру менен эле жума соңуна чейин бул жүк (курал-жабдык) жолго чыгат деген ишеничтемин”,-деди сенатор Уорнер.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 20-апрелде Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Каралган 60,84 миллиард доллардын 23ү америкалык курал-жабдыктын ордун толтурууга, 11 миллиарды Украинадагы АКШнын аскердик операцияларын каржылоого жана 14 миллиарды курал-жабдык жана коргонуу каражаттарын сатып алууга сарпталат. Андан тышкары Киевге экономикаын кармап туруу үчүн 7,85 миллиард доллар насыя берилет.

Мыйзам долбоору эми Сенаттан өтүшү зарыл. Ал жакта биринчи добуш берүү 23-апрелге белгиленди.

АКШ президенти Жо Байден Сенатка кайрылып, документти болушунча тезирээк карап, кабыл алып берүүгө чакырды.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул чечим Американы дагы байытып, Украинаны кыйроого учуратарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG