Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Орусияда “Свобода” радиосунун сурамжылоосуна катышкан жаран жазага тартылды


Юрий Коховец сотто. 23-август, 2023-жыл. Москва.
Юрий Коховец сотто. 23-август, 2023-жыл. Москва.

Орус баш калаасынын Останкино райондук соту Юрий Коховец атуу Москванын тургунун жазага тартып, беш жыл коомдук ишке чегерди. Буга анын 2022-жылы “Свобода” радиосунун Украинадагы согуш тууралуу сурамжылоосуна катышканы түрткү болду.

Прокурорлор соттон Коховецти беш жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алынуу өтүнүшкөн.

Сот Коховецти саясий жек көрүүчүлүктөн жана душмандыктан улам орус армиясы тууралуу “фейктерди” таратуу боюнча беренеге ылайык күнөөлүү деп тапты. Маалыматка караганда, Коховец жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алып, саясий жек көрүүчүлүк тууралуу пункт боюнча макул болгон эмес.

Адвокат Елена Шереметьева сотто Коховец эч кандай саясий жек көрүүчүлүгү жок эле өз пикирин айтканы үчүн куугунтукталып жатканын билдирди.

Коховецке каршы иш козголгону былтыр жазда белгилүү болгон. Анын айтымында 25-мартта кармап кетишип, эки күн полицияда жаткан. Кийин эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Коховецке ошондой эле майда бейбаштык беренеси менен 500 рубль айып пул салынган.

2022-жылдын июль айында “Свобода” радиосунун журналисттери Москванын көчөсүндө сурамжылоо өткөрүп, ары-бери өткөндөрдөн Украинадагы согуш тууралуу пикирлерин билишкен. Макул болгондордун арасында 37 жаштагы дезинфекция боюнча техник Юрий Коховец да бар эле. Ал согушту орус өкмөтү баштаганын жана ал кайра токтотушу керек деген пикирин айткан. Ошондой эле “Орусия соода борборлорун бомбалап жатканын, Бучада жайкын тургундарды орус аскерлери негизсиз эле аткылаганын” кошумчалаган.

Орус бийлиги Украинадагы согуш тууралуу Коргоо министрлигинин версиясынан айырмаланган маалыматтардын баарын фейк катары мүнөздөп келет. Орусия Украинага согуш ачкандан кийин армия тууралуу фейктер боюнча статья Кылмыш-Жаза кодексине киргизилген. Ага ылайык, мыйзам бузгандарга 10 жылга чейин эркинен ажыратуу же беш миллион рублга чейин айып-пул салуу каралган.

Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканы армия тууралуу "фейктер" боюнча 273 кылмыш иши козголгон. Дагы 81 иш "орус армиясын дискредитациялоо" беренесине ылайык ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG