Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Миграция министрлиги кыргызстандык беш ымыркайды Москвадан Бишкекке кайтарды


Кайтарылган ымыркайларды министрликтин кызматкерлери кармап турушат.
Кайтарылган ымыркайларды министрликтин кызматкерлери кармап турушат.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусиянын Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки, кыргызстандык беш ымыркайды мекенине кайтарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Балдардын кайтарууну Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Министрликтин маалыматы боюнча 2011-жылдан бери чет жакта ата-энесинин көзөмөлүгүсүз калган 167 бала Кыргызстанга алып келинген. Анын ичинен 2022-жылы 8, 2023-жылв 12, 2024-жылдын башынан бери 6 бала кайтарылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG