Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Трамптын соту өтүп жаткан имараттын алдында белгисиз адам өзүн өрттөп, каза болду


Полиция кызматкерлери белгисиз адам өзүн-өзү өрттөп жиберген жерди изилдеп жатат.
Полиция кызматкерлери белгисиз адам өзүн-өзү өрттөп жиберген жерди изилдеп жатат.

Нью-Йорктун полиция департаменти соттун имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөгөн адам каза болгонун билдирди.

АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын соттук процесси өтүп жаткан имараттын алдына 19-апрелде белгисиз адам келип, өзүнө бензин куюп, өрттөп жиберген. Күбөлөрдүн айтымында, ал мындай аракетке барардын алдында ар түрдүү кагаздарды ыргытып, кыйкырып кирген.

Полиция отту өчүрүп, жабырлануучу оор жаракаттары менен жакынкы ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланып жаткан.

Нью-Йоркто АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын порноактриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергени боюнча ишин кароо 16-апрелде башталган. Отурумдун башында сот алдында ондогон адамдар "Эч ким мыйзамдан жогору тура албайт!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап чыгышты.

Трамп 2016-жылы президенттик шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергенин жашырууга аракет кылган. Нью-Йорк штатынын прокуратурасы муну финансылык документтерди жасалмалоо же кылмыш иши катары кароого болорун бекемдеп жатканын Би-Би-Си жазды.

Дэниелс 2006-жылы Трамп менен жыныстык катышта болгонун ырастап, Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн ага бул тууралуу ооз ачпашы үчүн төлөп бергенин билдирген. Трамп өзү муну четке кагып келет, Дэниелс менен катышы болгонун да танган.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG