Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Бишкектеги ботаникалык бактын бир бөлүгү парк катары ачылды


Гареев атындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкциядан кийин. Президент жарыялаган сүрөт.
Гареев атындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкциядан кийин. Президент жарыялаган сүрөт.

Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкцияланып, эс алуучу сейил бак катары ачылды. Бул тууралуу 20-апрелде президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчы бакта тротуарлар басылып, гүл дүкөндөрү уюшулганын билдирип, алардын сүрөттөрүн жарыялады.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Ботаникалык бак 1938-жылы негизделип, 1996-жылы ага биолог окумуштуу Энвер Гареевдин ысымы берилген. Анын жалпы аянты 174,17 гектарды түзөт. Анын 150 гектардайы Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектардын тегерегиндегиси Максим Горький көчөсүндө жайгашкан. Мындан сырткары бакты башкарган институттун Нарын шаарында да 4,17 гектар жери бар.

2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын билдирген. Ал муну бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланарын, ошол себептүү анын аянты кароосуз калып жатканы менен түшүндүргөн.

Кийин Жогорку Кеңеште “Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын балансында калтыруу керек” деген чечим чыккан. Айрым депутаттар "эгер мекеме академиянын карамагынан чыгарылса ал жеке колго өтүп, жери сатылып, кабат үйлөр курула баштайт" деген чочулоосун айтышкан жана каржылоо булагын эмес, көлөмүн гана өзгөртүп, жетиштүү деңгээлге чыгарып берүү зарылдыгын белгилешкен.

Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өтүүгө каршы экенин, мекеме Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту деп аталарын директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” билдирген. Бул эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин белгилеген жетекчи чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.

2023-жылдын 18-мартында президент Садыр Жапаров Ботаникалык бакка барып, анын ошол учурдагы абалын көрүп, аны реконструкциялоону тапшырган. Мамлекет башчы Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирди. Ал ошол эле маалда “бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин” белгилеген.

Ботаникалык бактын Иса Ахунбаев көчөсүндөгү бөлүгүнө жарандар буга чейин эле кирип, сейилдеп турушчу. Каржылоо жетишсиз болгондуктан сейил бакта жыл сайын өрт чыгып, сугат жана коопсуздук маселеси чечилбей келген. Анын аймагында уруп-сабоо, тоноо кылмыштары менен катар адам өлтүрүү фактылары да катталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG