Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

ХАМАСтын лидери Түркия менен сүйлөшүү өткөрөт


ХАМАС тобунун лидерлеринин бири катары белгилүү Исмаил Хания.
ХАМАС тобунун лидерлеринин бири катары белгилүү Исмаил Хания.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидерлеринин бири катары белгилүү Исмаил Хания 20-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги маалымдады.

Израил Ирандын чабуулдарына жооп берип, ракеталык сокку жасаганы тууралуу жана Израилдин аскерлери Газа секторуна чабуулдарын уланта турганы тууралуу кабарлардын фонунда Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу туу чокусуна жетти.

Палестинадагы жаңжалда өзүн ортомчу катары көрсөткүсү келип жаткан Эрдоган жолугушуу тууралуу маалымат айтпай келген. Ал 19-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Исмаил Хания менен жолугушуу өтөрүн ырастады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш 18-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып, Жакынкы Чыгышта Газадагы согуштан жана Ирандын Израилге жасаган чабуулунан улам күчөгөн чыңалуу «толук масштабдуу аймактык конфликтке» айланып кетиши ыктымал экенин эскерткен. Ал Израилдин Газадагы чабуулдары сектордо камоолдо калган жай тургундар үчүн «гуманитардык тозок» жаратканын айткан.

Израил Газадагы операциясын былтыр октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакын кишини барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 33 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин өткөн аптада БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

ХАМАС Газаны аткылоону токтотууну, Израил барымтадагыларды бошотууну талап кылып жатышат.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн "өч алуу" деп түшүндүргөн. 19-апрелдин таңында Израил Тегерандын аткылоосуна жооп кылып, Ирандын аймактарын ракеталар менен аткылаганы кабарланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG