Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Беларуста оппозицияга жардам берген жаран 3,5 жылга эркинен ажыратылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беларуста «тыюу салынган топторго каржылык жардам берген» деген негизде жергиликтүү тургун 3,5 жылга эркинен ажыратылганын бүгүн 19-апрелде «Азаттыктын» белорус кызматы билдирди.

Сотто 48 жаштагы Федор Шведов Беларуста экстремисттик топ деп таанылган «Чынчыл адамдар», «Беларустун маданият кеңеши» жана «Жардам» уюмдарына жалпы суммасы 32 долларга барабар акча жөнөткөнү айтылды.

Шведов коюлган айыпты моюнуна жарым-жартылай гана аларын айтты жана экстремисттик топту каржылоо ниети болбогонун, нааразылык акцияларына катышкан адамдарга дары-дармек сатып алууга, аларга салынган айыппулду жана адвокаттарынын маянасын төлөөгө жардам берүү үчүн кайрымдуулук максатында акча которгонун билдирди.

20-мартта Нобель сыйлыгынын жыйырмадан ашуун лауреаты Беларустагы саясий туткундарды эркиндикке чыгаруу үчүн чукул чара көрүүгө чакырышкан.

Соңку төрт жылда эле, алардын кайрылуусунда белгиленгендей, Беларуста саясий куугунтукка 50 миңден ашуун адам кабылды, жүз миңдеген адам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду, миңдеген адам кыйноого кабылды, алардын арасында жүздөгөн журналист, профессор, педагог, дарыгер, музыкант, жумушчу, студент, коомдук ишмер, укук коргоочу жана Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий да бар.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG