Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Базарбеков кийинки Сот адилеттиги үйү Ош шаарында ачыларын айтты


Замирбек Базарбеков “Элге багытталган адилеттүлүк” форумунда.
Замирбек Базарбеков “Элге багытталган адилеттүлүк” форумунда.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сот адилеттиги үйлөрүн Кыргызстандын бардык аймактарында ачуу каралып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, жакын арада Ошто да Сот адилеттиги үйү ачылат. Ал үчүн имарат алынып дээрлик даяр болуп калды. Ушундай эле адилеттик үйүн Нарында да ачуу пландалып жатат.

Бул тууралуу ал 19-апрелде Жалал-Абад шаарында “Элге багытталган адилеттүлүк” форумунда билдирди. Анда сотко кайрылган жарандарга бардык шарт түзүлүп, элдин мүдөөсүн чечүү башкы максат болушу керектигин, өзгөрүүлөрдүн, жасалган иштердин борборунда адам турушу зарыл экенин кошумчалады.

Форумду Жогорку Сот ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен өткөрүп жатат. Иш-чаранын максаты сот реформасына байланыштуу маселелерди, аткарылып жаткан иштерди талкуулоо, сунуш ой-пикирди угуу болуп саналат.

Сот Адилеттиги үйү биринчи жолу былтыр март айында Ысык-Көлдө Каракол шаарында ачылган. Андан кийин ушундай эле жай июлда Жалал-Абад шаарында уюштурулган. Ал мурдагы үч кабатуу университеттин имаратында жайгашкан. Бюджеттен 40 миллион сом, президенттин фондунан 14 миллион сом бөлүнгөн.

Сот адилеттиги үйүндө Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү жайгашкан. Бир күндө 350-400 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар экени айтылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан тартып эле сот тармагын реформалоого аракет кылып келе жатат. Соңку учурда айрым бир чуулгандуу окуялардан, коррупцияга шек саналып кармалган судьялардан улам сот тармагына нааразылык айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр 11 судьяга каршы кылмыш иши козголгон. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG