Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды


Тбилиси. Мыйзамга каршы акция.
Тбилиси. Мыйзамга каршы акция.

Грузия парламенти бүгүн 17-апрелде "чет элдик агент" деген аталышка конгон талаштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Добуш берүү учурунда бир нече оппозициялык партия өкүлү залдан чыгып кетип, каршылыгын билдиришти.

Натыйжада добуш берүүгө катышкан 83 депутаттын баары "макул" деп добуш берди.

Мыйзамга каршы акцияга катышкандардын арасынан дагы 11 киши кармалып, жалпысынан полиция кармап кеткендер эки күндө 25 кишиге жеткен.

15-апрелде долбоор юридикалык комитетте биринчи окууда каралып, кабыл алынган. Анда каржылоосунун 20 проценттен ашыгы чет жактан болгон коммерциялык эмес уюмдардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) атайын реестрин түзүү каралган. «Чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын алып жүрүүчү уюмдарды аныктоо» максатында иштелип чыкканы айтылып жаткан бул демилге колдоо тапса Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды жана ЖМКны каалаган учурда текшере алат.

Орусиянын бийликтин иши тууралуу ачык айткан, сындаган жарандык коом өкүлдөрүн жана журналисттерди, активисттерди «чет элдик агент» деп атап, куугунтукка алууга жол ачкан мыйзамынын көчүрмөсү катары сынга кабылып жаткан демилге Грузияда буга чейин да көтөрүлүп, 2023-жылдын 7-мартында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Эртеси күнү нааразылык тутанган. Бир күндөн кийин бийлик долбоорду кайра чакыртып алууга мажбур болгон.

Ушул айдын башында бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы аракетин улантып, мыйзам долбоорун бир аз башкача аталыш менен парламенттин кароосуна кайрадан киргизген.

Биринчи варианттагы "чет элдик таасирдеги агент" деген түшүнүктүн ордуна эми "чет элдик кызыкчылыкты жүргүзүүчү уюм» деген вариант сунушталууда.

15-апрелде мыйзам долбоору талкууланып жатканда парламентте мушташ чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG