Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Орусияда журналист жана активист Залина Маршенкуловага издөө жарыяланды


Залина Маршенкулова.
Залина Маршенкулова.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Кабардин-Балкар республикасынан чыккан феминист-активист, журналист Залина Маршенкуловага сыртынан федералдык издөө жарыялаганын бүгүн 17-апрелде Кавказ.Реалии жазды.

10-апрелде айрым маалымдоо каражаттары Орусиядан чыгып кеткен фемактивистке террорчулукту актоо тууралуу кылмыш иши козголгонун, буга анын Telegram социалдык түйүнүнө былтыр апрель айында блогер Владлен Татарскийдин өлүмү тууралуу жазганы себеп экенин кабарлашкан.

Залина Маршенкулова Орусиянын Украинага кол салуусун колдогон блогерди «киши жегич, агрессор, адам өлтүрүүнү колдогон мурдагы талап-тоноочу» деп атап, анын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтууну эки жүздүүлүк деп атаган.

Кийин Кавказ.Реалии сайтына курган маегинде ал өзүнүн кавказдык ата-теги, ислам феминизмине карата мамилеси жана Орусиядан чыгып кетүү себептери тууралуу маек курган.

Өткөн жылы 2-апрелде Санкт-Петербургдагы кафеде болгон жардыруудан мерт кеткен Татарскийдин өлүмү тууралуу комментарийи үчүн Орусияда Ставрополь крайынын 77 жаштагы тургуну Лариса Кузнецова да «террорчулукту актаган» деп айыпталууда. Ал Татарский жардырылганы үчүн 27 жылга эркинен ажыратылган Дарья Тремпованы колдогону үчүн кармалган.

Маршенкулованын "Аялдар күчү" Telegram каналынын 30 миңдей катталуучусу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG