Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Ооганстанда мечиттеги кол салуудан жети киши мүрт кетти


Герат провинциясы Ооганстандын картасында.
Герат провинциясы Ооганстандын картасында.

Ооганстанда шиит мечитине жасалган кол салуудан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылганын бүгүн 30-апрелде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматы ("Азади" радиосу) билдирди.

Окуя 29-апрелдин кечинде Герат провинциясында болгону, мүрт кеткендер арасында мечиттин имамы жана бир бала бар экени кабарланды.

Ооган өкмөтүнүн башындагы “Талибан” кыймылы азырынча эч кандай маалымат бере элек.

2001-жылы 11-сентябрда АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Кошмо Штаттар баштаган НАТОго мүчө бир нече өлкө "Талибанга", "ал-Каидага" каршы согуш жарыялап, Ооганстанга аскерлерин жөнөткөн. Он жылдан кийин бул өлкөдөгү америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткен. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кетишкен.

Ошентип, 20 жылдан кийин бийлик кайрадан "Талибандын" колуна тийген. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG