Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Сот актер Чыңгыз Мамаевди актоо өкүмүн чыгарды


Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.

17-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренелери менен шек саналып жаткан актер Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча өкүм чыгарып, актады. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Бишкек шаардык соту 2023-жылдын январь айында анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

2022-жылдын 1-апрелинде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Актердун жубайы буга чейин биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG