Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Парламентте Казакстанда соттолгон ишкер Маркабаевдин маселеси көтөрүлдү


Эрмек Маркабаев.
Эрмек Маркабаев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Казакстанда төрт жылга соттолгон кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди коңшу өлкө Кыргызстанга азырынча экстрадиция кылуудан баш тартып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Азыр экстрадиция кылбай жатат. Казакстандан “базар, мүлк боюнча жаңы фактылар чыгып жатат. Күбөлөр бар. Аларды суракка ала элекпиз. Тергөө иштери бүткөндөн кийин экстрадиция маселесине кайрылабыз” деген жооп келди”, - деди ал.

Алматы облусунун Карасай райондук соту быйыл февраль айында кыргызстандык ишкер, Алматыдагы ири базарлардын бири “Алтын Орданын” мурдагы аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз алып жүрүү” деген берене менен айыптуу деп таап, төрт жылга кескен.

Эрмек Маркабаевди казак полициясы 2023-жылы 2-июнда кармаган.

“Алтын Орда” базарын бир топ жыл мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси, маркум Болот Назарбаевге тиешелүү компаниялар башкарып келген. 2022-жылкы Январь окуясынан кийин президент Касым-Жомарт Токаев бул базарды иретке келтирүү тууралуу атайын тапшырма берген соң, кожоюндары алмашкан. Ошондон бери базардын айланасындагы чуу басылбай келет. Мурдагы ээлери азыркыларын “базарды рейдерлик жол менен басып алды” деп айыптаган.

Эрмек Маркабаевдин маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов буга чейин Эрмек Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал базарды тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөндүү жагдайлар бар экенин “Азаттыкка” билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG