Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Жалал-Абадда бир жумада 700дөн ашуун үйдү суу каптады


Барпы айыл аймагынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан.
Барпы айыл аймагынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан.

20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун ондой аймагында: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында жалпы 22 сел кырсыгы катталды.

705 турак жайдын короолорун суу каптап, 17 үйдү суу басты. Үч турак жай авариялык абалга кептелип, атайын комиссия 12 турак үй капиталдык оңдоого муктаж экенин аныктады. 15 чакырымдан ашуун ички чарбалык жол, 10 ички көпүрө, айыл чарба жерлери жабыркады.

Селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 363 куткаруучу 40 техника тартылды.

20-апрелден 24-апрелге чейинки нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG