Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Президент министр Бейшеналиевди айыптаган билдирүүлөргө жооп берди


Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров. Архив.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү боюнча Жогорку Кеңеште айтылган сөздөр, депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айыптоолору боюнча “Кабар” агенттигине маек берди. Анда Жапаров министр менен эч кандай жакындыгы жок экенин, “жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн” кызматта кармап турганын билдирди.

Ошондой эле коррупцияга, уурулукка аралашкан жетекчилерге аёо жок экенин, коррупцияга каршы күрөшүп жаткан министрлерге колдоо болушу керектигин белгилеп, Коргонбай уулу келтирген фактылар аныкталса, Бейшеналиевге чара көрүлөрүн тактады.

Коргонбай уулу 3-апрелде парламентте сүйлөп жатып, Бейшеналиевди “Алтын балалык” реабилитациялык борборун курууга бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылбаганы боюнча да айыптаган. Президент маегинде бул тууралуу да пикирин билдирген.

“Мен кызматка келгенде биринчи жолу барып көргөнүмдө имараттын сөлөкөтү (каркасы) эле турган. Бизнесмендерден “Толук бүтүргөнгө жардам бергиле” деп жардам сурагам. Ал убакта мамлекетте акча жок эле да. Алар эсептеп чыгып, аягына чейин бүтүрүш үчүн 15 млн доллар (1,5 миллиард сом) болот экен, биздин күчүбүз жетпейт деп келишкен. Себеби жалпы аянты 28 миң чарчы метрди түзөт. Анда өзүбүз эле эптеп бир нерсе кылып бүтүрөлү деп марафон уюштурганбыз. Элден 58 млн сом түшкөн. “Кумтөр” 200 млн сом берген. Эпид. фонд 33 млн сом берген. Бардыгы болуп 291 млн сом берилген. Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса, жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты, көрүп эле атпайсыңарбы”, - деди Жапаров.

Ал министрдин Дубайдагы, Түркиядагы мүлктөрү тууралуу айтылган сөздөр ырасталып, аларды кызматта турган маалда алган болсо, мамлекетке чегериле турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында Бейшеналиевди сотко бергенин жарыялаган. Ал жарым сааттык сөзүндө министрдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, аны коррупциялык иштерге айыптаган. Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анын мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган.

Жыйынтыгында Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген. Ал биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган. 2023-жылы сентябрда кайра министр кызматына дайындалган.

Бейшеналиев министр болуп турган мезгилде элди COVID-19 илдетин уу коргошун (расмий аталышы “аконит”) менен дарылоого үндөгөн. Бул дарыны президент Садыр Жапаров экөө биргелешип жасап жатышканын, ооруну жеңүүгө өтө натыйжалуу экенин айткан. Адистердин жана коомдун кескин каршылыгынан кийин аны колдонуу ниетинен кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG