Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Аксыда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-апрелдин таңында, саат 4:43тө Кыргызстандын Аксы районунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматында, силкинүүнүн күчү 3 баллды түздү. Очогу Ат-Ойнок тоолорунда, Кызыл-Көл айылынан 12, Чат айылынан 14, Көгарт жана Аркыт айылдарынан 15, ал эми район борбору Кербен шаарынан 51 чакырым ыраакта жайгашты.

Силкинүү Ат-Ойнок, Кызыл-Көл, Чат, Көгарт, Аркыт , Жүзүмжан, Көл, Алмалуу, Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Чарба, Жаңы-Жол айылдарында 3 балл болуп сезилген.

Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Аксы аймагында 22-март күнү да жер титиреген. Райондун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү Тажикстандын аймагындагы очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Силкинүүнүн күчү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген. 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG