Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

AI Исламабадды ооган кыз-келиндерин өлкөдөн чыгарууну токтотууга чакырды


Пакистандан депортацияланган ооганстандык качкын аялдар жана балдар. Кандагар провинциясы.
Пакистандан депортацияланган ооганстандык качкын аялдар жана балдар. Кандагар провинциясы.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Пакистанды жүздөгөн ооган кыз-келиндерин өлкөдөн чыгарууну токтотууга чакырды.

“Ооган качкындарын Пакистандан депортациялоо ооган кыз-келиндерин өзгөчө тобокелдикке кептейт”, - деп жазды 27-мартта аталган уюмдун Түштүк Азиядагы өкүлчүлүгү X социалдык түйүнүндө.

Уюмдун бул чакырыгы Пакистандан ооган качкындарын жапырт депортациялоонун жаңы баскычын утурлай жасалды.

Расмий Исламабад апрель айында расмий каттоого турбаган 850 миңдей ооганстандык качкынды депортациялоону көздөп жатат. Бийлик ага чейин качкындарды өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Октябрдан бери Пакистан документи жок жүргөн 500 миңдей ооган качкынын өлкөдөн чыгарган.

“Ооганстанга күчтөп кайтаруу алардын билим алууга, иштөөгө, өзүлөрүн эркин алып жүрүүгө болгон укуктарын олуттуу чектеп, айрым учурда зордуктоо коркунучуна чейин дуушар кылышы мүмкүн”, - деп билдирди Эл аралык мунапыс уюму.

2021-жылы августта Ооганстандагы бийликке келген “Талибан” кыймылы кыз-келиндерге билим алууга, көп тармактарда иштөөгө тыюу салган. Андан тышкары аялдар көчөгө сөзсүз эркектин коштоосунда чыгыш керек, алар жада калса сейилдөөгө да укугу жок.

Пакистанда качкын макамын алууга жол берген мыйзам жок. Исламабад Бириккен Улуттар уюмунун 1951-жылы кабыл алган Качкындардын макамы тууралуу конвенциясына кол койгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG