Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Эсептөө палатасынын инспектору мектеп, бакча директорлорунан пара талап кылууга шектелүүдө


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Эсептөө палатасынын инспектору Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн, 29-мартта кабарлады. Расмий маалыматка караганда, М.Ф.К. аттуу инспектор Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыдагы одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтөм деп шылтоолоп, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердигине текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн опузалап акча талап кылган.

"Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан. Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган", - деп жазылган маалыматта.

Шектүү М.Ф.К. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин ("Опузалап пара алуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектүү катары кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Атайын кызмат Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген.

Ушул тапта президенттин жарлыгына карабай мектептерде ар кандай шылтоо менен дагы деле акча жыйналып жатканын айткан ата-энелер бар. Бул маселе 2023-жылы 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда да көтөрүлүп, айрым делегаттар жарлык аткарылбай жатканын айтышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG