Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

"Крокус Ситидеги" кол салууда каармандык көрсөткөн кыргызстандыктар министрликтин сыйлыгын алды


Белек Каныбеков.
Белек Каныбеков.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кол салууда жүздөгөн адамдарга жардам берип, өмүрүн сактап калууда каармандык көрсөткөн кыргызстандыктарга мекеменин Ардак грамотасын тапшырды. Алар: Кыргызстандын жарандары Ислам Халилов, Рустам Бакытбеков, Белек Каныбеков.

Жолугушууда министр Гүлнара Баатырованын атынан жаштарга, алардын ата-энелерине баатыр жана жан аябас уулдарын тарбиялаганы үчүн ыраазычылык айтылганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барып, Ислам Москвада чоңойгон.

Кандуу окуя маалында элдин эшик жок жакка агылганын байкаган өспүрүм аларды имараттан эвакуациялоону өз колуна алган. Ал адамдарды тар өтмөктөн "Крокус Экспонун" аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер гана колдонгон каалга менен көчөгө алып чыккан.

"Крокустагы" терактыда элди сыртка чыгарууга дагы бир кыргыз бала жардам берген.

17 жаштагы Белек Каныбеков 15 жылдан бери Москвада жашайт. "Крокус Сити Холлдо" гардеробдо иштейт. Кол салууда элге жардам берип, сыртка чыгуусуна жардам берген. Ал өзү дагы учурда Москва облусунун Красногорск шаарындагы ооруканада дарыланууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG