Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 6,5 миңден ашты


Эмдөө учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Эмдөө учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык (корь) жуктургандардын саны 6 545 адамга жетти. Бул тууралуу маалымат Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий сайтына жарыяланды. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында. Эң аз учур Нарында катталып, аймакта илдетти жуктургандар 72 адамды түзгөн.

Оорунун тарашынын негизги себеби балдар жана чоңдордун эмдөөдөн баш тартканы деп белгиленген.

2023-жылы кызамык 7 046 кишиге жуккан.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитке барып, статистика боюнча кызамыкка чалдыккан балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин айткан. Президент буга байланыштуу балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG