Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Аба ырайы: айрым аймактарда сел жүрүш ыктымал


Ош. Сулайман-Тоо.
Ош. Сулайман-Тоо.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 27-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымында, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

28-29-мартта нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, суу капташы мүмкүн. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо сунушталат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12,

Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18,

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG