Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун курулушу 2026-жылы аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол-чарба департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык бөлүм башчысы Бакыт Барыктабасов билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта жолдун 35 чакырымы Балыкчы шаарынан Кара-Талаа айылына чейин асфальтталып бүткөн. Жол салуу иши 2021-жылдын августунда башталган. Анын жалпы узундугу 144 км.

“Азыр жолду үч – “Кыргыз-Автожол”, “Арек Строй”, “Кыргыз жол курулуш” компаниялары салып жатат. Башында эки компания 70 чакырымдан бөлүшүп сала башташкан. Бирок жумушту тездетиш үчүн ортодон “Кыргыз-Автожол” ишканасын кошконбуз. Биздин план боюнча быйыл жолдун 70-80% бүтүшү керек. Министр да ушундай тапшырма берди. Негизги маселе келишим 2021-жылы түзүлгөндүктөн, көп нерселер арзан баада эсептелген. Мисалы, күйүүчү май ал убакта 70 сомдон эсептелсе, азыр баасы кыйла кымбаттап кетти. Азыр эми алар акча кошуп бер деп жатышат, мамлекет кошуп бербей, жумуш ошол үчүн шар жүрбөй жатат”, - деди ал.

Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөр” компаниясынын акчасына курулуп жатканы маалымдалган.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG