Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Бишкекте 3 баллга жеткен жер титирөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында бүгүн 19-мартта саат 21:05те жер титиреди. Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына караганда, "MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды".

Жердин термелиши борбор калаа Бишкекте 3 баллга чейин сезилди.

Очогу Бишкектен 35 чакырым түштүк-батышта болду. Тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.

Айрым мобилдик телефондорго келген жер титирөө жөнүндөгү билдирүүдө да очогунда күчү 4,5 баллды түзгөнү айтылды.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген. 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын ӨКМи силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG