Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Президент Жапаров өлкөдө митингге түрткү берчү жагдай жок деп эсептейт


УКМК алдындагы Садыр Жапаровду коргоо митинги. 2017-жыл.
УКМК алдындагы Садыр Жапаровду коргоо митинги. 2017-жыл.

Президент Садыр Жапаров улуттук "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кумтөр үчүн митингге чыгып жүргөнүн эскерип, аны жүйөлүү деп билдирди. Мамлекет башчы бул тууралуу аталган агенттикке курган мурдагы маегинде "митингге чыккандардын башынан сылап отурбайбыз, жооп катуу болот" деген сөздөрүнө да түшүндүрмө берип жатып айтты.

Садыр Жапаров митингге өзүнүн керт башынын эмес, өлкө кызыкчылыгы үчүн чыкканын, Кумтөр кенин элге өтсүн деп талап кылганын айтып, учурда ишканадан казынага түшүп жаткан кирешенин суммасы 30 млрд сомго жеткенин белгилеген. Натыйжада бюджет үч эсе көтөрүлүп, күч түзүмдөрү, армия күчтөнүп, элдин жашоосу жакшыра баштаганын, айлык акы, пенсия, жөлөк пул жогорулаганын айткан.

"Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм. Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Коргойм. Бул менин эл ишенип добуш берген түздөн-түз милдетим", - деген президент.

Президент Садыр Жапаров 14-мартта Кыргызстандагы соңку нааразылык акцияларына байланыштуу "Кабар" агенттигине билдирүү жасап, “мурдагы заманды эңсеп, митингге чыккандар болсо катуу чара көрүлөрүн” эскерткен.

Мунун алдында “кемпир-абадчылардын” айрымдарынын жакындары аларды бошотуу талабы менен акцияларга чыкса, анын артынан “Матраимов митингдерди каржылаганы жатыптыр” деген каңшаар тараган.

2022-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун бир катар жерлеринде тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизген. Анын мөөнөтү сот чечими менен улам узартылып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG