Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

"Аялдын турмушу - замандын күзгүсү". Бишкекте аялдарды колдоо маршы өттү


Бишкектеги аялдарды колдоо маршы. 8-март, 2024-жыл
Бишкектеги аялдарды колдоо маршы. 8-март, 2024-жыл

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” деген ураан астында тилектештик жөө жүрүшү өттү. Анда ондогон активист Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Горький атындагы гүл бакка жөө басып барышты.

"Эжелерим, сиңдилерим корголсун". Аялдардын тилектештик маршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Тилектештик маршынын катышуучулары “Окуган кыз ордун табат”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Коопсуз өлкөдө жашагым келет”, "Эжелерим, сиңдилерим корголсун" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Ырчы жана активист Зере жөө жүрүштү баштап барды. Ал акциянын максаты тууралуу буларды айтты:

“Бүгүн да жылдагыдай эле эркиндикти, теңдикти талап кылып чыктык. Мындан тышкары, сөз эркиндиги боюнча да айттык. Анткени азыркы учурда бул нерсе өтө маанилүү болуп жатат. Бүгүн Асел Ногойбаеванын талаптары да жаңырды. Өзү келип бергенине өтө кубанычтабыз. Анын үнү биз үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө кыргызстандык аялдын жашоосу өтө кыйын. Күйөөсү бар болсо, анын зомбулугуна туш болушу мүмкүн. Жок болсо, анда алимент сыяктуу маселелер пайда болот. Балдарын өзү багып, өзү чоңойтот. Кыргызстанда жашаган аял үйдө, көчөдө, жумушта өзүн толук коопсуз сезе албайт. Биз ушундай талаптарды жыл сайын айтып келе жатабыз. Кырдаал өзгөрөт деген үмүтүбүз бар”.

Мурдагы күйөөсү сабап, кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаева “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” аталышындагы жөө жүрүшкө катышып, коомдо зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталышы керектигин айтты.

Ал өзү сыяктуу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар көп экенин белгилеп, аларды зулумдукка жол бербөөгө үндөдү.

“Менин башымдан өткөн кордукту баарыңар билесиңер. Булар кырсыктан эмес, оорудан эмес, булар балдарымдын атасы болгон адамдын колунан калган издер. Бирок мен жалгыз эмесмин. Мен тарткан азап - Кыргызстанда күн сайын зордук-зомбулукка кабылган жүз миңдеген аялдардын шору, бул талкаланган тагдырлардын, жашоонун мисалы. Коомдо зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталмайынча, жылыш болбойт. Зомбулук улана берет. “Бир жолу эле сабады”, “балдарды ойлойм” деп эле баарына чыдай бербөө керек. Эже-сиңдилерим, өзүңөр үчүн туруп, укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден соолугаңды коргогула. Зомбулукка чыдабагыла, баш ийбегиле. Бул жерде милиция кызматкерлери турат. Урматтуу милиция кызматкерлери! Көп учурда зомбулукка кабылып жаткан адамдын жалгыз үмүтү силерсиңер. Зомбулукка кайдыгер карабай, мүмкүн болушунча ыкчам жардамга келип, зордукчуну аялдан алыстатууга эмне зарыл болсо, ошонун баарын кылууңуздарды суранам. Сот кызматкерлери, зомбулукка байланыштуу иштери өзгөчө кылдаттык менен карагыла. Өлтүрүлгөн аялдардын көбү өз күйөөлөрү, же мурдагы күйөөлөрү тарабынан өлтүрүлөт. Зордукчуну убагында камап, мындай өлүмдөрдү алдын алса болмок. Биз зомбулуксуз жашоо укугу үчүн күрөшөбүз".

Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кабылган окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. 26-январда Сокулук райондук соту анын жолдошу Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кесип, жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Казакстандык Аида Бишкектеги тилектештик жүрүшүнө атайын кошуна өлкөдөн келген экен. Анын айтымында, үй-бүлө зомбулугу жалпы Борбордук Азиянын көйгөйү болууда.

“Мен аялдарга тилектештик көрсөтүү үчүн атайын Казакстандан келдим. Анткени, бизде быйыл марш өткөрүүгө тыюу салынган. Мисалы, Казакстанда 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 100 миң кайрылуу катталган. Биз мындай кылмыштар үчүн жазаны күчөтө турган мыйзам кабыл алууну талап кылып келебиз. Бүгүнкүдөй акция бардык өлкөлөр үчүн маанилүү. Анткени аялдарга байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурдуруу керек”.

Милиция кызматкерлери акциянын коопсуздугун камсыз кылып, катышуучуларды коштоп жүрүштү.

8-мартта жылда Бишкекте аялдардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырган жүрүштөр өтүп келе жатат. Былтыр “Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” деген ураандын астында өткөн жүрүштө аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу талабы айтылган.

Бүгүн Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда аялдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун колдоо керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.

Жапаров өлкө тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, социалдык топтордун көйгөйлөрүн аныктоого кошкон салымын белгилеген.

Билдирүүдө Кыргызстанда аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөрү жазылган.

Мунун алдында президент “2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Документ аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган.

Бишкектеги аялдарды колдоо маршы.
Бишкектеги аялдарды колдоо маршы.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталып, Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң артта жайгашты. Былтыр октябрда жарыяланган индексте аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу критерийлер эске алынган.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары утур-утур катталып келет. Алсак, былтыр сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулукту нес кылган.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген. Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон.

Акындар аялзатын куттуктайт

"Оо, айымдар, өзгөчө баа-баркыңар". Акындар аялзатын куттуктайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:08 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG