Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:33

"1000 доллар алдаткан". Телефон шылуундары президенттин да үнүн жасашат


ИИМ тараткан видеодон скриншот.
ИИМ тараткан видеодон скриншот.

Ички иштер министрлиги соңку учурда телефон шылуундары күч алганын байма-бай эскертүүдө. Ошондой эле жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин жардамы менен таасирдүү адамдардын сүрөтүн, видеосун, үнүн окшоштуруп пайдаланган алдамчылык жарнамалары жайылууда.

"Ишенимдүү үн менен чалышат"

Ош шаарынын тургуну Максаттын чакан ишкерлик кылган таанышы жакында эле телефон шылуундарга 1000 долларын алдырып ийди. Түркиядан таанышымын деп чалган алдамчы "товар салып жиберем" деп убада кылган.

“Түркиядан арзан товар чыгып калды, салып жиберели" деп чалган экен. Ага ишенип 1000 доллар салып жибергенден кийин эле жок болуп кеткен. Телефонун дагы өчүрүп салган. Ошентип жөн жерден акчасын жоготту", - деди Максат.

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Айбекке болсо "банк кызматкеримин" деп чалып, банк картасынын маалыматтарын сураган.

“Банктан карточка ачтырган экенсиз. Анда паспорттогу маалыматтар толук жазылбай калыптыр" деп чалышты. "Анан картаңыздын артындагы маалыматтарды жиберип коюңуз" деди. Сиздикин бул жактан эле толтуруп коёлу деп өтүндү. Бул таң эрте болгондуктан, мен уйку сурап жатып, макул дедим. Бир аздан кийин гана алдамчы экенин шекшип калдым”, - деди.

Телефон шылуундардын схемасы

Бул сыяктуу алдамчылардын кылтагына илинип калгандар соңку учурда көбөйдү. Социалдык тармактарда адамчылардын аракетине туш болгондор өз окуялары менен бөлүшүп жатышат.

Телефон шылуундары өзүн кырсыкка кабылды делген жакыныңыздын таанышы же банк кызматкери катары тааныштырып, ишенимдүү үн менен байланышка чыгышат. Милиция ушул күндөрү телефон шылуундары күч алганын байма-бай эскертип жатат.

Шектүүдөн алынган буюмдар
Шектүүдөн алынган буюмдар

Ички иштер министрлиги (ИИМ) телефон шылуундарга каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирди. 23-февралда милиция алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалганын кабарлады. Топтун арасында чет өлкөнүн жарандары да бар. Алар улгайган адамдарга телефон чалып, жакындары жол кырсыгына кабылганын айтып, курьер аркылуу акча сурашкан.

Милициянын маалыматында шектүүлөр жарандардан аз убакыттын ичинде жарым миллион сомдон ашык алдап кетишкен.

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери шаар тургунуна телефон чалып, банк эсебинен 1400 долларын чыгарып алган деп шек саналган 19 жаштагы жигитти кармашты.

Шектүү жабырлануучунун атынан тиркеме аркылуу эки банктан жалпы суммасы 119 600 сом насыя акча алууга жетишкен. Маалыматка ылайык, шектүү жабырлануучуга өзүн "банк кызматкеримин" деп тааныштырып, телефон чалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соңку учурда телефон шылуундары күч алып, жаңы технологияны колдонуп, жарандардын үнүн жасап, акча алдагандар жөнүндө маселе көтөрдү.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Алдамчылар жөн отурган жок, жасалма интеллектти дагы колдонуп жатышат. Схема мындай иштейт: сизге Кыргызтелеком аркылуу же уюлдук телефонуңузга чалып, үнүңүздү жаздырып алат. Жасалма интеллект аркылуу үнүңүздү окшоштуруп жасап, анан кайра жакындарыңызга чалат. Алар силер жөнүндө маалыматты кайдан алаары суроо жаралат. ИИМ учурда алдамчыларга каршы күрөштү баштады. Бирок чалуулар дагы эле көбөйүп жатат”, - деп жазды эл өкүлү Телеграм каналына.

Чынында, депутат айткандай, шылуундар жасалма интеллект менен бардык кишинин үнүн окшоштурганга аракет кылат. Маселен, төмөндөгү видеодо президент Садыр Жапаров өзү сүйлөп жаткандай жасашкан. Үнүн дагы окшоштуруп, кайсы бир Телеграм каналды жарнамалап жаткандай кылып жасашкан. Бирок бул видео фейк, анткени президенттин билдирүүлөрү анын расмий баракчалары аркылуу гана таратылат.

Адистер телефон шылуундардын кылтагына илинбөө үчүн телефон чалган адамга дароо ишенбестен, кайра-кайра текшерүүгө кеңеш берет. Ал эми азыркы заманда каржыга байланышкан маселелерде же ишкерликте телефондон маалымат берүүдө абдан сак болуу зарыл.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG