Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Алагөзов президенттин атын жамынган коммерциялык жалган жарыяларга ишенбөөгө чакырды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандын жарандарына кайрылып, мамлекет башчынын ысымын колдонуп интернетте жалган маалыматтарды тараткандарга ишенбөөгө чакырды.

“Социалдык тармактарда шылуундар президент Садыр Жапаровдун видеосун колдонуу менен, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтер таратылып жатканын кабарлайбыз. “Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот” деген өңдүү күмөндүү иш аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз. Соцтармактагы маалыматтардын көптүгүн эске алуу менен, кандайдыр бир шектүү билдирүүлөр болсо шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактап коюуну өтүнөбүз”, – деп жазды Аскат Алагөзов.

Президент басма сөз катчысы бул ирет социалдык тармактардагы Betty House деп аталган баракчадагы жалган жарыянын скриншотторун таратып, мисал келтирди.

Аскат Алагөзов январда да социалдык желеде мамлекет башчынын атын жамынган маалыматтар пайда болуп жатканын белгилеп, шылуундарга алданып калбоого чакырган. Анда ал Nolik деген аккаунттун скриншотун кошо жарыялаган.

2023-жылы мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарованын атынан социалдык медиада баракчалар ачылып, жалган маалыматтар тарап жатканы тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы эскерткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG