Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

Кайра шайлоодо Сурабалдиева менен Муртазалиев жеңди


Элвира Сурабалдиева менен Абдурахманхажи Муртазалиев.
Элвира Сурабалдиева менен Абдурахманхажи Муртазалиев.

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар кечки саат 8.00дө жабылды. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Талапкери көп, шайлоочусу аз жараян

Биринчи май округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түшүп, баштапкы жыйынтык боюнча Элвира Сурабалдиева 9 209 (46,09%) добуш алды. Экинчи орунда талапкер Нурбек Тотонов 3 543 (17,73%) добушу менен баратат. Алгачкы үч орунду 1065 жарандын тандоосуна татыган (5.33%) Нурбек Токтакунов жыйынтыктайт. Андан кийин эле "баарына каршы" деген позиция келе жатат. Бул жолу Биринчи майдын 933 шайлоочусуна (4.67%) бир дагы талапкер жаккан эмес.

Свердлов шайлоо округундагы шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип, Абдурахманхажи Муртазалиев 5 797 (17,54%) добуш алды. Экинчи орунду 5 381 (16,28%) добуш менен Шайлообек Атазов ээледи. Үчүнчү болуп Алмаз уулу Аскар келди. Ага 3035 (12.64%) шайлоочу добуш берген.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча буларды билдирди:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Автоматтык эсептегич урналардан келип түшкөн маалыматтар биздин сайтка жарыяланды. Алар алдын ала маалымат болуп эсептелет. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгат. Азыр атын атабай турайын. Бирок алдыга чыккан айрым талапкерлер боюнча арыз-даттануулар бар. Аларды карагандан кийин тиешелүү чечим чыгарылат. Шайлоо жакшы деңгээлде өттү. Болгону шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болду”.

Кайра шайлоо өткөн Бишкектин эки районунда 219 миң шайлоочу каттоодон өтүп, Свердлов шайлоо округунан 33 047 (31,02%), ал эми Биринчи майдан 19 982 (17,67%) адам добуш берүүгө келген. Борбор калаадагы эки округдан 25тен 50 талапкер жарышка түшкөн. Бул жараян талапкери көп, ошол эле учурда жарандар аз катышкан шайлоо болуп калды.

Жарандык активист Атай Бейшенбек талапкерлердин үгүт иштери солгун болуп, алар шайлоочуларды кызыктыра алган жок деп эсептейт.

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

“Талапкерлер менен үгүтчүлөрдүн даярдыгын көрсөткөн шайлоо болду. Алар ташып же тилин тапкан жарандар гана добуш берди. Мурдагыдай “мына, мен шайлоого бардым” деген билдирүүлөр жок. Жарандык милдетин аткарууга атайын барган шайлоочулар өтө аз болду. Буга элдин тажаганы себеп. Анткени, соңку бир жылдын ичинде эле бир нече шайлоо өттү. Ошол эле формат, ошол эле убадалар. Эч өзгөрүү жок. Шайлоону уюштурган мекемелердин, талапкерлердин аракетине жарандардын шайлоого болгон мамилеси төп келишип жатат да”.

Бишкектен жарышка түшкөн 50 талапкердин шайлоо фондуна 29 млн. 833 миң сом келип түшкөн. Шайлоого эң көп каражат короткон эки талапкер жеңишке жетип отурат. Алдын ала жыйынтык боюнча алдыга чыккан Элвира Сурабалдиеванын шайлоо фондуна 4 млн. 290 миң чогулса, Абдурахманхажи Муртазалиевдин эсебинде 4 млн. 186 миң сом болгон.

Биринчи май районунан талапкер болуп, азыркы жыйынтык боюнча үчүнчү орунду ээлеген Нурбек Токтакунов мындай пикири менен бөлүштү:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Дүйнө жүзүндө 100% таза шайлоо болбойт. Мен саясатка барам деп жүргөн балдарга үлгү көрсөтө алдым. Кааласа эл менен байланышып, аз каражат менен шайлоого барса болорун далилдедим. Мен ушундай жол менен 1065 добуш алдым. Эми кызматымды уланта берем. Салык төлөөчү, шайлоочу катары депутаттарды көзөмөлдөйм. Сурабалдиеваны куттуктайм жана көңүл айтам. Анткени, элдин жүгүн көтөрүш оңой эмес”, - деди Нурбек Токтакунов.

Токтакуновдун шайлоо фондуна 471 миң сом чогулган. Талапкер анын 100 миңи өзүнүн каражаты, калганы элден келгенин айтып жатат.

Жеңүүчү талапкерлердин таржымалы

Свердлов районунан жеңишке жеткен Абдурахманхажи Муртазалиев 27 жашта. Ал “ЭкоИсламикБанктын” директорлор кеңешинин төрагасы Шамил Муртазалиевдин баласы. Абдурахманхажи грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинин, жиу-житсу боюнча жабык имараттардагы Азия оюндарынын чемпиону.

21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин үгүтчүлөрү экенин билдирген. Дароо эле сөз Абдурахманхажи Муртазалиев жөнүндө болуп жатканы белгилүү болгон.

Муртазалиев шайлоонун жыйынтыгы жана милиция кармаган талапкерлер боюнча мындай комментарий берди:

Абдурахманхажи Муртазалиев
Абдурахманхажи Муртазалиев

“Мен ишенбей турам. 27 жашымда чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип турам. Шайлоочулардын ишеничин актаганга болгон күчүмдү жумшайм. Ал эми милиция кармап алган үгүтчүлөрдү тааныбайм. Алар менен кийин штабдан тааныштым. Айтымындарында, атайын уюштурулган иш болгон экен. Азырынча башка эч нерсе айта албайм”.

Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча, Муртазалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдон 416 добушка алдыга чыккан. Атазов 28-ноябрдагы шайлоодо Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбековго 2000ге жакын добуш менен утулуп калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан. Атазов кайра шайлоонун жыйынтыгына комментарий бере элек.

Ал эми Элвира Сурабалдиева мандат алса, анда Жогорку Кеңештин азыркы курамындагы бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип келген биринчи аял депутат болуп калат. Жетинчи чакырылыштагы 36 округдан шайлоого катышкан аял талапкерлер атаандаштарын ута алган эмес. Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясы менен Жогорку Кеңешке келип, 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин аткаруу бийлигинде иштеген. Алардын үй-бүлөсүнө таандык делген "Кудайберген" базары Сурабалдиева талапкер болгон Биринчи май районунда жайгашкан.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Бишкектен шайланган депутаттарда жоопкерчилик жогору экенин айтты.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

“Бишкектеги жалпы шайлоодо баарына каршы добуш көп болгондо, Бишкек өзүнүн борбор деген функциясын аткара баштады деп ойлогом. Бул жерде шайлоочуларда жоопкерчилик күчөдү деген ой болгон. Бирок бул жолу капчыктуулар биринчи орунга чыгыптыр. Бул баягы эле көрүнүштөн кабар берет. Каршылык маанай күчөгөн Бишкектен депутат болуу жоопкерчиликтүү иш. Борбор калаада маселе көп. Канткен күндө дагы эки мандатка ээ боло тургандар жакшы иштеп берет деп үмүттөнөлү. Ишенич акталбаса, анда эмки шайлоого мындан да аз шайлоочу келери турган иш”.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунда былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган. Шаардагы калган эки округдан Дастан Бекешев менен Жаныбек Абиров утуп чыккан. Бекешев атаандаштарынан ат чабым алдыга келсе, Абиров менен "баарына каршы" деген позициянын ортосундагы айырма аз эле болгон.

VII чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG