Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:47

Кыргызстандагы башкаруу: эркиндик жана жоопкерчилик


Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акция. 23-январь, 2022-жыл.
Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акция. 23-январь, 2022-жыл.

Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетти. Ошондой эле “гибрид режим” деген макамдан ажырап, “авторитардык” режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулду.

Уюм мындай көрсөткүчтөрдү өлкө президенттик башкарууга өткөнү, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары жана таасири кеңейгени менен негиздеген. Кыргыз бийлик өкүлдөрү эл аралык уюмдун мындай баасы менен макул эмес жана "өлкө демократиялык өнүгүүдөн чегинди" деген дооматты четке какты.

Уюмдун демократия индексинде 167 өлкөнүн ичинен Кыргызстанга 115-орун тийген. Бул былтыркыга караганда сегиз тепкич төмөндөдү дегенди билдирет.

Уюм демократиялык көрсөткүчтөрдүн начарлашын өлкөнүн президенттик башкаруу системасына өткөнү менен негиздеген.

"2021-жылы шайлоочулар эң аз катышкан шартта өлкө Садыр Жапаровду президент кылып шайлады жана президенттик башкаруу системасына өтүүнү жактырды. Парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү жыл бою уланды жана президентке бир топ ыйгарым укук берилди. Ошону менен катар эле президент аткаруу бийлигиндеги башкы фигура болуп калды, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигине таасири көбөйүп, бийлик бөлүштүрүү дээрлик жоюлду", - деп айтылат баяндамада.

Уюм Кыргызстан Борбор Азиядагы башка авторитардык өлкөлөрдүн катарына кошулду деп белгилеген.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова уюм берген баага кошула турганын айтты.

"Эки-үч жыл мурдагы убакытка салыштырып ала турган болсок, биз бир топ эле артка кеттик. Парламентаризм багытынан жылбашыбыз керек болчу. Бул бир кезде мурдагы президент Атамбаевдин миссиясы эле. Ал киши дагы өз бийлигин күчөтүүнүн аракетин кылды. Бирок кандай болбосун, ушул жолдон чыккан жок. Баш мыйзамды өзгөрткөн жок. Кайра тескерисинче, акыркы жылдары парламентаризмди күчөтүү үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул Борбор Азиядагы, Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүү деген тарыхый маанидеги көрүнүш эле. Азыр эми 100% тетири жакка кеттик да. Президенттик-авторитардык башкарууга кайра кайтып келдик. Болгондо дагы күчөтүлгөн вариантына кайтып келдик. Бийликти бөлүштүрүү, бийлик бутактары ортосундагы баланс болбосо бул демократияга түздөн-түз эң чоң сокку. Ошондой баланстын жоктугунан азыр бардык жакта баш аламандык болуп жатат", - деди Сооронкулова.

Бөрүбашев: Биз мыйзамдуулукка жете элекпиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:48 0:00

Кыргызстан The Economist Intelligence Unit уюмунун демократия тууралуу 2020-жылкы индексинде 101-орунду ээлеген. 2021-жылы 107-орунда турган.

Былтыркы баяндамада "Кыргызстанда октябрдагы оңунан чыкпай калган парламенттик шайлоо өлкөдөгү демократиялык принциптердин туруктуу бузулушун/эрозиясын андан ары күчөттү" деп белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев эл аралык уюмдун соңку баасы менен макул эмес.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Президенттик башкарууну былтыр кабыл алып, жылдын аягында, октябрь айында ал системаны ишке киргиздик. Ага чейин өткөөл мезгил болду. Бүгүнкү күндө система жаңыдан гана иштей баштады. Жаңы иштей баштаган системаны сындап, "артка кетти, авторитардык жолго түштү" деп айтуу маданиятсыздык жана туура эмес. Эгер президенттик башкаруу начар болсо анда АКШнын өзүндө деле президенттик башкаруу да. Алар кандайча анда демократиялык мамлекет болуп эсептелет? Президент ар дайым "ачык коом курабыз, жаңы Кыргызстан курабыз, демократиялык жолдон тайбайбыз" деп айтып келе жатат. Азырынча демократияны сынга алган, ачык коом куруудан артка кетти деген, авторитардык кысымдарды баштаган эч кандай кыймыл болгон жок. Башкаруу системасындагы реформа жаңы башталгандыктан оош-кыйыштар, өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул сөзсүз түрдө коомдо ар кандай пикирлерди жаратат. Бул мыйзам ченемдүүлүк. Бери болгондо төрт-беш жылдан кийин жыйынтык чыгарып, авторитардык режим болуп калды, же болбосо демократиядан тайды деп айтсак туура болот го. Мен алардын жыйынтыгына кошулбайм жана туура эмес деп эсептейм".

The Economist Intelligence Unit (EIU) - Британиядагы Economist Group компаниясынын изилдөө жана талдоо жүргүзүүчү бөлүмү. Уюм демократия индексин 2006-жылдан бери аныктап келет. Анда “Толук демократиялуу”, “Толук эмес демократиялуу”, “Гибрид режимдеги” жана “Авторитардык режимдеги” мамлекеттер деп төрт багытта мүнөздөмө берилет.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороевдун пикиринде, президенттин ыйгарым укуктары кеңейгени менен анын жоопкерчилиги такталган эмес.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Орток демократиялык түшүнүктөрдө албетте, парламент деген өтө күчтүү институт катары каралат. Эгер парламенттин ыйгарым укуктары чектелүү болсо, анын аткаруу бийлигине таасири чектелүү болсо бул албетте демократиялык көрсөткүч эмес, демократиядан таюу деп караса болот. Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдүн багыты, демократиялык багыттан алысырак кетип жатканы талашсыз. Бийликтин азыркы багытын колдоп жаткандар элдин талабы, элдин кызыкчылыгы менен ушундай болуп жатат дегендер арбын. Бирок эл деген ашкере жалпылама сөздүн маанисин алгылыктуу демократиялык мааниде чечмелөө дээрлик мүмкүн эмес. Жөн гана популисттик көз караш, же популизм кубулушу деп айтсак болот. Өкмөт башчысы, ошол эле кезде өлкө башчысы дагы президент болуп аныкталгандан кийин президенттин жана анын командасынын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги канчалык, ал жоопкерчиликти аткарууга кандай механизмдер бар? Ошолордун баары өтө чектелүү болгондуктан, же бүдөмүк болуп, жазылбай калгандыктан бул өзгөрүүлөрдү демократияга шайкеш келген өзгөрүүлөр деп айтууга болбойт. Президенттин ыйгарым укуктары ого бете чаржайыт, ого бетер кенен болуп калды".

Былтыр Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүп, башкаруу формасын тандоого байланыштуу референдум өтүп, өлкө президенттик башкаруу системасына кайткан.

Конституциялык реформа учурунда коомчулукта президенттик башкарууга өтүүгө каршы чыккандар болгон. Алар өлкөнүн өткөн тарыхын эске салып, эки жолку ыңкылапка ушул система, бийликтин бир колго топтолушу себеп болгонун жүйө келтиришкен.

Президент Садыр Жапаров конституциялык реформаны жактап жатып, аны "эл жоопкерчиликсиз бийликтен тажады" деген жүйө менен негиздеген. Ал былтыр жыл башында курган маектеринин биринде "бул көрсөткүч жарандардын өз ыктыяры жана эрки менен башкаруу формасын тандап алганын далилдейт. Бул президенттик башкаруу формасынан элдин күткөн үмүтү абдан чоң экендигин айгинелейт" деп айткан.

Эл аралык рейтингдерде Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн көрсөткүчтөрү дагы начарлаган. Өткөн айда Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли тууралуу изилдөөсүн жарыялаган. Анда мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшүп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG