Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Өзөктүк макулдашуу: Мунаса табуу аракети


Австрия. Ирандын өзөктүк программасын кыскартуу боюнча Венадагы ири державалардын сүйлөшүүлөрү.
Австрия. Ирандын өзөктүк программасын кыскартуу боюнча Венадагы ири державалардын сүйлөшүүлөрү.

Ирандын өзөктүк программасына байкоо жүргүзгөн МАГАТЭ менен Тегерандын ортосунда түзүлгөн убактылуу макулдашуунун мөөнөтү аяктады.

Келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.

Тегеран АКШ менен 2015-жылдагы макулдашууну калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдө чоң жылыштар бар экенин билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын өзөктүк программасы сыяктуу эки державанын тең кызыкчылыгы бар маселелер боюнча Москва кызматташууга даяр экенин айтты.

Иран парламентинин төрагасы Мухаммед Багер Галибаф 22-майда Тегеран менен өзөктүк объекттерге байкоо жүргүзгөн МАГАТЭнин ортосундагы үч айлык убактылуу макулдашуунун мөөнөтү аяктаганын жарыялады.

23-февралда Тегеран АКШ санкцияларды алып салбаса, атомдук объекттерине МАГАТЭнин эксперттерин киргизүүгө тыюу саларын эскерткен. Ошондо тараптар ири державалардын катышуусунда Иран менен АКШнын өзөктүк макулдашууга кайтып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталганга чейин мониторингди жүргүзүүгө уруксат берүү шарттарын убактылуу, үч айлык мөөнөткө макулдашкан эле.

МАГАТЭ Венадагы негизги өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктай электигине байланыштуу бул мөөнөттү дагы узартуу боюнча Тегеран менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Бул арада Европа Биримдигинин өкүлү Энрике Мора Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдө жылыштар болуп, тараптар мунаса табууга жетишкенин билдирди:

«Биз он күндөгү сүйлөшүүлөрдө бир топ маанилүү прогресске жетиштик. Биз кийинки жумада кайра дагы жыйналып, ишти улантабыз. Ирандын делегациясы, ошону менен бирге тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи бул ишке абдан берилген жана мунаса табуунун жолунда. Ошондуктан макулдашууга жетишүү үчүн аларга эмне керек болсо үстөлгө коюшат деген ойдомун. Азыр ирандык тарап МАГАТЭ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билем. Мен алар техникалык макулдашууну узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат деген ойдомун».

Тегеран Венадагы сүйлөшүүлөргө ыраазы

Өткөн жуманын соңунда Ирандын президенти Хасан Роухани Тегерандагы мунай-химиялык долбоорлордун ачылыш салтанатына катышты. Анда ал Тегеран өзөктүк программасын кыскартса, андан эл аралык санкцияларды алып салууну бекиткен 2015-жылдагы макулдашууну калыбына келтирүү боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрүп жатканын ырастады:

«Алар бардык негизги санкцияларды алып салууга макул болушту. Азыр биз анын жалпы иретине жана жагдайларына байланыштуу майда маселелерди талкуулап жатабыз. Негизги көйгөй болуп келген мунайга, мунай-химия каражаттарына, кеме курууга, камсыздандырууга жана банк кызматташтыгына, анын ичинде биздин борбордук банктын ишмердигине карата санкциялык чектөөлөрдү алып салууга макулдук беришти. Чоң иш жасалды. Биз башкысы, ири кадамды таштадык. Негизги макулдашууга жетиштик».

Учурда Венада арасында улам тыныгуу менен Германия, Франция, Орусия, Улуу Британия жана Кытайдын ортомчулугу менен Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Эмдиги жумада бул сүйлөшүүлөр жыйынтыкталары күтүлүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай орчундуу маселер боюнча жана эки тараптуу негизде Москва Вашингтон менен кызматташарын айтты:

«Корей жарым аралы, Иран өзөктүк программасы жана Ооганстандагы кырдаал - ушулар биздин өкүлдөр активдүү кызматташып жаткан анык темалар болуп саналат. Мен бүгүнкү шартта бизде ушул аракеттерден бир майнап чыгат деген үмүттөмүн».

Иран өзөктүк программасын кыскартса, андан эл аралык санкцияларды алып салуу шарттарын камтыган макулдашуу 2015-жылы бекитилген. Бирок АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп макулдашуудан бир жактуу чыгып кеткен. Андан соң Иран милдеттенмелерин аткаруудан баш тартып, уран байытууну көбөйтө баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG