Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Рамис акындын космосу

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына жаңычыл акын катары кирип, поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору.

2017-жылы 21-майда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Эл акыны Рамис Рыскуловдун живопись, графика менен иштелген "Шоодур кагып жашыл жалбырак, кыл калемди жандырат" аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү ачылган.

Көргөзмөгө автордун ар кайсы мезгилде жараткан элүүгө чукул эмгеги коюлган. Искусство адистери акындын тарткан сүрөттөрү башка кыл калем чеберлеринин чыгармаларына караганда өзгөчө деп баа беришет. Акын ар чыгармасы космос менен байланышта экенин айтып келген. Сүрөттөрдү "Азаттыктын" кабарчысы, маркум Зайырбек Ажыматов тарткан.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Зайырбек Ажыматов

"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG