Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Президент Сузактагы окуяга жергиликтүү бийликтин жетекчилери күнөөлүү экенин айтты


Окуя тартылган видеодон алынган сүрөт. 2-май, 2024
Окуя тартылган видеодон алынган сүрөт. 2-май, 2024

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Манас айтуу” сынагында окуучуларды автоунаа сүзүп кеткен окуяга комментарий берип, буга жергиликтүү бийликтин жетекчилери күнөөлүү экенин айтты.

Бул тууралуу ал 6-майда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

“Райондун деңгээлиндеги адистердин, жетекчилердин өз ишин так билбегендик. Ошол жерде 13 милиция кызматкери жүрүптүр, ички иштер башкармалыгынын райондогу башчысы жүрөт. Коопсуздукту карап коюш керек эле да. Алар жакшы кадр болгондо кырсыкты алдын алышмак. Машинелерди балдар турган жердин үстүнө алып барып тизип койбой ылдый жакка түшүрүш керек эле”, - деди президент.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалды.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал үй камагына чыкканы 5-майда белгилүү болду.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барганы маалымдалды. Айдоочу машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде машине кокусунан жылып кеткенин айтып берген.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан убактылуу четтетилди.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жаракат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG