Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Алыбаев: Крымга баруу же барбоо жарандардын өз эрки


Ялта, Крым
Ялта, Крым

Кыргызстандагы Украина элчилиги Миграция кызматынын Крымга жарандарды жумушка орноштуруу аракетин өнөктөш эки мамлекеттин кызматташтыгына доо кетириши мүмкүн деп баалады.

Кыргызстандын Миграция кызматы 21-апрелде Ялта шаарындагы мейманканалардын бирине 500 жаранды жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган. Аталган мекеменин Маалымат, кеңеш берүү борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алыбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык": Ялтага жумушка муктаждарды жиберүү боюнча сүйлөшүүлөр кандай негизде, кимдер менен жүргүзүлдү?

Алмаз Алыбаев: “Ялта-Интурист” акционердик коому жумуш берүүчү катары бизге кайрылган. Эки тараптын келишими түздөн-түз жумуш берүүчү менен түзүлгөн. Мамлекеттик деңгээлде эмес, эл аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн локалдык акт болуп саналат. Тактап айтканда, адам укугу боюнча эл аралык конвенциянын жоболору эске алынган. Бул компаниядан биринчи жолу сунуш түштү. Азыр аны жүзөгө ашыруу боюнча иш уланууда.

“Азаттык”: Украинанын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарды Крымга жумушка орноштуруу аракетине нааразы болууда. Бул кадам эки мамлекеттин алакасына шек келтире турганын билдирди. Крымды Орусия аннексиялап алганы белгилүү. Эл аралык коомчулук да бул боюнча өткөн референдумду тааныган эмес. Кыргызстан болсо жарым арал боюнча ачык көз карашын билдире элек. Келишим түзүүдө ушул жагдайга көңүл бурулду беле?

Алмаз Алыбаев: Жаңы жумуш орундары ачылып жаткандыктан, буга саясий боёк берилбеши керек. Крымда буга чейин өз алдынча барып иштеп жүргөн жарандарыбыз деле бар да. Бул туризмге байланышкан иш орундары. Ал жакка барып иштеп, кайра Кыргызстанга кайтып, салым кошот деген эле маанини түшүндүрөт.

“Азаттык”: Украин элчилигинин билдирүүсүнөн кийин кандай кадамдар жасалат? Келишим боюнча иш-аракеттер улана береби?

Алмаз Алыбаев: Келишимдин шарттарын, жол-жоболорун карап чыкканбыз. Эми жумуш берүүчүнүн шарттары боюнча мониторинг жүргүзүлүшү керек. Андан кийин биздин жарандар ал жакка барабы же жокпу, ошого жараша маселе чечилет.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар ал жакта иштей баштаса, алардын укуктары кайсы өлкөнүн мыйзамдары менен корголот? Орусиянынбы же Украинанынбы?

Алмаз Алыбаев: Биз кайсы бир мамлекет менен эмес, жеке ишкана менен сүйлөшүү жүргүздүк. Мамлекеттин мыйзамдары менен эмес, миграция боюнча эл аралык укуктардын негизинде иш алып бардык. Тактап айтканда, жумуш берүүчү компаниянын өзү менен келишим түзүлүп атат. Эгерде, биздин жарандар туура эмес иштерди жасап же компаниянын шарттары жакпай калса, эл аралык укук боюнча бул ишкана аларды артка кайтарууга милдеттүү. Жумуш берүүчүнүн да, жумушчунун да укуктары, милдеттери жазылган. Ишкана 500 жумушчунун айлык акысы 20 миң рубль болору, тамак-ашы, жашаган жери бекер берилерин айтты. Ал жакка барабы же барбайбы жарандардын өз эркине байланыштуу.

“Азаттык”: Крым жарым аралы же Түркиядан башка жактарда кыргызстандыктарды мыйзамдуу жана шарты бар жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Алмаз Алыбаев: Азыр беш мамлекетте элди жумушка орноштуруп жатабыз. Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Орусия, Казакстан, Түштүк Кореяда келишимдин негизинде иш менен камсыздоо аракети көрүлүүдө. Былтыр Орусиядан 2400 вакансия түшкөн. Жумушка муктаждар иш берүүчүлөрдүн шарттарын карап көрүп анан келишим түзүшөт. Айрымдарына маяналары, кээ бирлерге шарттары туура келбей калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG