Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Жалал-Абадда жер семирткич саткандар кармалды


Мамлекеттик резервдер фонду азотту 16 сом 50 тыйын, карбомидди 18 сом 30 тыйындан сатууда.
Мамлекеттик резервдер фонду азотту 16 сом 50 тыйын, карбомидди 18 сом 30 тыйындан сатууда.

Жалал-Абад облустук экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы билдиргендей, сузактык төрт жаран Өзбекстандан келген 30 тонна жер семирткичти Материалдык резервдер фондунан алып, кайра Оштун тургундарына сатып жаткан учурда кармалды.

Учурда арзан жер семирткичтерди дыйкандарга таратуу механизмдери чаржайыт болгондуктан, укук коргоо органдары аларга кандай айып тагууну билбей жатканын кабарлашты.

29-февралда Жалал-Абадга Өзбекстандан жер семирткичтердин алгачкы партиясы келген. Азот жана карбомид заттары Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун дыйкандарына таратылган. Мамлекеттик резервдер фонду азотту 16 сом 50 тыйын, карбомидди 18 сом 30 тыйындан сатууда. Облуста быйылкы жазгы талаа иштери үчүн 200 миң тонна жер семирткич керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG