Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Быйыл Өзбекстандан 140 миң тонна жер семирткич сатылып алынат


Өкмөт быйыл миң күнөскана курууну пландап жатат. Ош.
Өкмөт быйыл миң күнөскана курууну пландап жатат. Ош.

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште жазгы-талаа жумуштарына өкмөттүн даярдыгы тууралуу маалымат берип жаткан учурда билдирди. Анын айтуусунда, дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул багытта 140 миң тоннага келишим түзүлдү.

Сариев жазгы-талаа иштериндеги негизги артыкчылык катары сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылууну атады.

- Өткөн жылы республика боюнча айдап-себүү мезгилинде 65 пайыз сертификацияланган үрөндөр себилген болсо, быйыл бул көрсөткүчтү 79 пайызга чыгаруу милдетин койдук.

Өкмөт башчынын белгилешинче, 2015-жылы прогрессивдүү технологиялардын негизинде күнөсканаларды куруу, мал союучу пункттарды жана логистикалык борборлорду ачуу жана тамчылатып сугарууну өндүрүшкө киргизүү боюнча төрт моделдик долбоор иштелип чыкты. Сариев быйыл миң күнөскана куруу пландалып жатканын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG