Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Ошто орус гезити зордоп сатылабы?


"Российская газета"
"Российская газета"

Ош шаардык мэриясынын бюджеттик мекемелерге "Российская газета" басылмасына жазылууну өтүнгөн каты кызуу пикирлерге жем таштады.

Орусиянын өкмөттүк каражатын окууга мэриянын расмий үндөө аракетин айрымдар орус бийликтерине кошоматчылык катары баалашууда. Мэрия болсо бул кат жөн гана сунуш болгонун айтып жатат.

Орус өкмөтүнүн “Российская газета” басылмасына жазылууну өтүнгөн мэриянын каты социалдык тармактарга жарыяланып кеткенден кийин гана ачыкка чыкты. Ал Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн атынан жогорку окуу жайларына жана билим берүү мекемелерине багытталган.

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Гүлжамал Жороева бул аракет мажбурлоо эмес экендигин ортого салды:

- “Российская газета” эле эмес, бизге “Кыргыз Туусу”, “Эркин-Тоо”, “Жетиген” сыяктуу басылмалардын редакцияларынан өтүнүч каттар келип турат. Биз алардын гезит-журналы канча турарын, айына, жылына канча акча топтолорун тактап, мекеме-уюмдарга сунуш катары жөнөтүп турабыз. Кааласа жазылышат, каалабаса жок. Бул деле ошол сыяктуу сунуштардын бири. “Российская газета” басылмасына ЖОЖдор, мектептер милдеттүү түрдө жазылсын деген буйрукту мэр да, биздин бөлүм да чыгарган жок. Бул кат болгону сунуш катары гана тийиштүү жерлерге жөнөтүлгөн.

Китепканадагы "Российская газетанын" топтому
Китепканадагы "Российская газетанын" топтому

Мэрия жолдогон катка ылайык, “Российская газета” басылмасына жазылуу айына 262 сом, бир кварталга 787 сом, жарым жылга 1 миң 575 сом деп бааланган. Каттын экинчи барагында кайсы мекеме канча гезит алуусу керектиги жана анын квитанциясын кайрадан мэрияга жөнөтүү зарылдыгы белгиленген. Ушуга байланыштуу бул аракет гезитти мажбурлап сатуу аракети катары кабылданууда.

Аталган документке ылайык, ОшМУ сегиз даана, ОшТУ, ОшМЮИ, ОГПИ, ОшМСУ жана РГСУнун Ош филиалы беш даанадан гезит сатып алуусу керек болгон. Ош айыл чарба техникуму эки гезит, Ош шаарындагы соода, медициналык жана музыкалык колледждерине аптасына бирден гезит алуу жүктөлгөн.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан болсо мэрия 25 гезит алуусун өтүнгөн. Мекеменин жетекчи орун басары Жеңиш Байзаков мектептерде аталган гезитти сатып алгысы келгендер аз деди:

Мэриянын өтүнүч каты
Мэриянын өтүнүч каты

- Мэриядан келген өтүнүч катты, биз дагы мектептерге сунуш катары жибергенбиз. “Ушундай гезит бар, алсаңар болот” дегендей мааниде. Алабы же жокпу аны мектеп өзү чечет. Мектептер муну ата-энелер комитетинин фондунан алышы мүмкүн. Бирок азыркы учурда бир-эки мектеп гана гезитти сатып алабыз деп жатышат. Башкаларынан жооп келе элек.

Жаңы жылдан баштап гезитти сатып ала баштаган Ош мамлекеттик университети муну окурмандардын суроо-талабы менен түшүндүрүүдө.

- Биздин окуу жай “Российская газета” басылмасына 1990-жылдан бери жазылат. Бизди эч ким мажбурлаган жок, зарылчылыктан улам алабыз. Гезитти саясий максатта эмес, илимий-популярдуу курал катары колдонобуз. Кандай болгон күндө да Орусиянын Кыргызстан менен тарыхы бир, анан аларда учурда болуп жаткан окуяларды билип туруу биздин студенттерге деле зыян эмес. Окуу жай 2009-жылы «Российская газета» басылмасына жазылуусун токтоткон эле. Окурмандардын суроо-талабы боюнча, быйыл жаңы жылдан баштап төрт же беш гезит сатып алабыз. Ал гезиттер дайыма окуу залдарында турат,- деди ОшМУнун китепканачыларынын бири Айзада Ильгелдиева.

"Российская газетанын" редактору Дмитрий Евлашков менен Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев
"Российская газетанын" редактору Дмитрий Евлашков менен Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев

Кантсе да Орусия Федерациясынын мамлекеттик маалымат каражатына жазылуу сунушун Кыргызстандын жергиликтүү бийликтери берип жатканы коомчулукта түркүн пикирлерге жем таштады. Айрымдар муну орус бийликтерине кошоматчылык катары бааласа, кээ бирлери пропагандалык басым катары сыпаттоодо.

Оштогу медиа-эксперт Бакыт Ибраимов буларга токтолду:

- Бул саясий жактан абдан туура эмес, бейбаштык. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин, бийликтер ушинтип Орусиянын гезитин сатып алууга мекемелерди мажбурлаганы туура эмес. Муну биздин бийликтердин кошоматчылыгы катары да кабылдоого болот. Биз ансыз деле Орусиянын маалымат каражаттарынын пропагандалык саясатынын курмандыгыбыз. ОРТ, РТР ж.б. телеканалдарынан биздин жарандар бир тараптуу маалымат алып, аң-сезими бузулуп атат.

«Российская газета» басылмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Евлашков буга чейин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен бир нече ирет жолуккан болчу. Жолугушууда ал Ошто да гезиттин өкүлчүлүгүн ачып, атайын Ош шаарынын тургундары үчүн кыргызча да чыгарууга кызыкдарлыгын билдирген. Натыйжада алар эки тараптуу кызматташууга кол койгон жайы бар. Айрымдар мэриянын соңку аракетин да ошол кызматташуунун бир бөлүгү катары да сыпаттоодо.

Басылма мындан сырткары Ошто сүрөт көргөзмөлөрдү, журналисттерге семинарларды, чуркоо марафондорун жана ар кандай жолугушууларды өткөрүп турат.

«Российская газета» орус бийлигинин саясатын жактаган басылмалардын бири болуп саналат. Анын күнүмдүк нускасы 170 миңге жетет.

Кыргыз коомчулугунда буга чейин эле бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гезит-журналды таңуулап жаздырган адат тууралуу айтылып келген. Бирок алар жергиликтүү басылмалар болгондуктан мынчалык чуу жараткан эмес болчу.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG