Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Өкмөт: Эмки жылы айыл чарбасына басым жасалат


Бул тууралуу өкмөт башчысы Темир Сариев парламентте бюджеттин долбоору талкууланып жатканда билдирди.

“Кыргызстанда миңден ашуун күнөскана, он мал союучу жай курулат. Миң гектардан ашык жер тамчылатып сугарылат. Ар бир облуста логистикалык борборлор курулат. Бул айыл чарбасына түрткү болот деп ишенип турабыз”, деди Сариев.

Мындан тышкары айыл чарба тармагына он пайыздык насыяларды берүү уланары, анын көлөмүн эмки жылы 4 млрд. сомго чыгаруу пландалып жатканын каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. (МТо)

XS
SM
MD
LG