Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Эмделген мал ылаңдабайт

Бүгүн Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында ветеринардык эмкана ачылды. Мында жергиликтүү тургундар малын эмдетип, коюнун жүнүн кырктырып кетсе болот. Бул Ак-Талаадагы үчүнчү эмкана. Буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ар бир райондо бештен кем эмес ветеринардык эмкана салынсын деп тапшырма берген болчу.

Жыл аягына чейин облус аймагында малды эмдеген жайдан жыйырма бешти куруу пландалууда.


16x9 Image

Мирлан Кадыров

"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
XS
SM
MD
LG