Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:21

Шайлоонун Атамбаев атаган коркунучтары


Президенттик аппараттын башчысы Темир Жумакадыров, президент Алмазбек Атамбаев жана спикер Асылбек Жээнбеков. Ала-Тоо аянты, 31-август, 2015-жыл
Президенттик аппараттын башчысы Темир Жумакадыров, президент Алмазбек Атамбаев жана спикер Асылбек Жээнбеков. Ала-Тоо аянты, 31-август, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 24 жылдыгын куттуктоо сөзүндө парламенттик шайлоодо өлкөнү будун-чаң кылгысы келген күчтөр аз эместигин билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан соңку беш жылда өнүгүүгө өрүш алганын, Борбор Азиядагы эң эркин өлкөгө айланганын баса белгиледи. Ал андан ары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо өлкөнүн эртеңи үчүн чоң сыноо деп билдирди. Президенттин пикиринде, саясатта шайлоонун шылтоосу менен өлкөнү солкулдаткысы келген ички күчтөр аз эмес.

- Популизмге алдырып аша чаппайлы. Бийлик үчүн элибиздин биримдигине, мамлекетибиздин тагдырына балта чабам деген бузуку, канкор кузгундарды ээрчибейли. Бөлүнүп-жарылып, кан эңсегендер да бар. Андай кузгундар саясатчылардын арасында аз эмес. Эл деле билип калды аларды. Ошолорду унутпасак.

Таза шайлоо туруктуулуктун кепили

Алмазбек Атамбаев өлкөдө туруктуулук болушу үчүн шайлоо таза өтүш керек, ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана өкмөт башчысы керт башы менен жооп берет деп кошумчалады.

Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов өлкө башчысынын кооптонуусу негиздүү деп эсептейт. Анын божомолунда, шайлоо шарданы менен өлкөнү туруксуздаштыргысы келген сырткы күчтөргө караганда ичкиси кыйла опурталдуу.

- 6-чакырылыш чечкиндүү парламент болот. Же Кыргызстан мындан ары өнүгөт, же артта калат өнүкпөй. Эл аралык эксперттер да Кыргызстанда саясий элита алмашып жатканын айтууда. Мурдагы элита менен келечектеги элита акырындан алмашып жатат. Бирок ошол эле учурда өлкөнүн өнүгүшүн каалабаган мурдагы бийлик өкүлдөрү, сыртта жүргөндөрү да бар. Алар ар кандай жолдор менен тополоң чыгарышы толук мүмкүн.

Өлкө башчысы өз сөзүндө 16-июлда Бишкекте өткөн атайын операцияны мисал тартып, террорчуларга көмөктөшкөн деп кармалган мурдагы “Ак жол” партиясынын депутаты Максат Кунакуновго окшоп, жеке же каржылык кызыкчылык үчүн өлкөнү садага чапкан сабатсыз саясатчылар аз эмес деп кыйытты.

“Талапкерлердин үчтөн экиси мурунку бийлик өкүлдөрү”

Атамбаев эмоциялуу сөзү менен элди чочутуп алды деген пикирлер да жок эмес. Алардын бири оппозициялык саясатчы Бектур Асанов:

- Атамбаев канды эңсегендер деп кимди айтып жатат, билбейм. Бир чети элди коркутуп жатат. Бирок шайлоодо бурмалоо болсо, эл тынч жатпайт. Шайлоо таза өтпөй турганы азыр эле белгилүү болуп калды. Анткени жалгыз оппозиция саналган биздин партияны каттабай коюшту. Шайлоо таза өтпөсө, сөзсүз тополоң чыгат.

Анткен менен коомдук жана саясий ишмер Жыпар Жекшеев шайлоого аттанган 14 партиянын үчтөн экиси эле Акаев менен Бакиевдин кишилери экенин айтууда.

- Шайлоого аттанган 14 партиянын үчтөн бири Бакиевдин жакындары. Дагы бир бөлүгү Акаевдин жакын адамдары. Биз президенттерди кууп салганыбыз менен алардын кишилери бул жакта эле. Алардын бизнеси, саясаты уланып жатат. Албетте, алар бийликке кайткысы келип ар кандай аракеттерди көрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, түндүк-түштүк маселеси да актуалдуу бойдон калууда.

Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемен мамлекет деп жарыяланган. Азаттыктын 24 жылдыгына карата өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өттү. Ал эми парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышат.

Бишкектеги Эгемендик майрамы

XS
SM
MD
LG