Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Ак үйдү акмалоонун акысы 5 млн. сом


Ак үй, Бишкек.
Ак үй, Бишкек.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Айкын саясат” гезитине маек берип, өзү жаңы түзгөн “Адам укугу” деген партиясы 5 млн. сом төлөй албагандыктан шайлоого катыша албай калганын айтты.

“ПолитКлиника” гезити аркылуу Таластын Кара-Буура районундагы Сатыке айылынын тургуну Элмурзаев Дайырбек президентке кайрылып Маймак айыл өкмөтүнүн мектебинде беш окуучу гана калгандыктан мектепти жабууга мажбур болушканын, ошондуктан жалгыз мектепти сактап калбаса, чек араны таштап кетип калышарын мааалымдады. Аталган гезиттин бүгүнкү санынан президент террорчуларды жок кылган жоокерлерге сыйлык тапшырганын, “Эгемен Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берерин, шайлоону өткөрүү үчүн 224 млн. сом бөлүнгөнүн, сөгүнгөн МАИчилер жазасын алганын кабарлады. Адил Турдукулов аттуу жаш саясатчы тууралуу “Өз баласын бага албаган адам кантип элге кызмат кылат?” деген, “Азырынча “Ата Мекен”, “Бир бол” партияларында туруктуулук, биримдик байкалууда” деген макалаларды, таланттуу акын Жолдошбек Зарлыкбековдун ырларын окуйсуздар.

“Айкын саясат” гезити бул санын Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин эгемендик, мамлекеттик Гимн жана ал өзү түзгөн Конституция тууралуу кеп салган маеги менен ачты. Жалаң саясат тууралуу майда макалалардын топтому “Бешбармак” деген рубриканын алдында жарык көрдү. Депутат Өмүрбек Текебаевдин маеги “Биз мандаттарды ант менен карганып эмес, жигиттик келишим менен кабыл алалы деп чечтик” деп аталды. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Текебаевге кошулуп шайлоого барам” деп күлкү күнүндө тамаша кылып койгом” деп интервью берип, өзү жаңы түзгөн “Адам укугу” деген партиясы 5 млн. сом төлөй албагандыктан шайлоого катыша албай калганын, анын үстүнө ага депутат болуп Ак үйдүн ичинде быкшып отурганга караганда сыртта, таза абада, элдин ичинде укук коргоочу болуп жүргөнү он эсе артык да, жоопкерчиликтүү да экенин айтты. Турсунбектин Батукаев тууралуу да айткандары бар.

“Жаңы агым” гезитинде “Кыргызстандын акчасы сомбу же долларбы?” деген, “Окуу жылына канча жаңы мектеп даяр?” деген макалалар бар. Ушул эле санга кабарчы Мелис Совет уулунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айлына барып, элдин арыз-муңун жазып келген макаласы жарыяланды. “Жаңы агымда” быйыл ыйгарылуучу Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыкка татыктуу болгон алтайлык акын, Алтай жазуучулар союзунун катчысы Боронтай Бөдүровдун ырларын кыргыз туугандарына тааныштырган акын Кыялбек Урмамбетовдун котормосу жарык көрдү.

“Айат” гезити аркылуу Бишкек шаардык №3 муниципалдык аймактын башкармалыгынын башчысы, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылдыз Мусабекова “Бириккен колдон келет, алданбайлы, сатылбайлы!” деген макаласында шайлоо башталат дегенден тартып акчалуу көпөстөр ал башкарган жаңы конуштарды аралап, “бизди шайласаңар” кандай проблемаңар болсо баарын чечип беребиз, жол салып, шагыл төгүп, мектеп, бала бакча куруп, айтор май көл, сүт көл убадаларды берип, кайрадан элди алдай баштаганын белгилеп: “Айланайын эл, аларга ишенбегиле, өзүңөр айткандай, акчасын алгыла, анткени ал акчалар Акаев, Бакиев маалындагы силердин жон териңерден тонолуп алынган акчалар, ошон үчүн акчаларын марттык менен алып күнүмдүк жыртык-тешигиңерди бүтөп алгыла, бирок алданбагыла, өзүңөр билесиңер, акыркы төрт жылда эч кандай депутаттык мандатыбыз жок эле, эч кимге пара бербей эле, кайра-кайра бара берип, жаза берип канча иштерди чогуу жасадык” деп жазган.

“Азия ньюс” гезити “Куугунда жүргөн Мырзакматов депутат болобу же?” деген “Жалаң дөө-шаалар” деген, “Бабанов берген жеңилдикти Сариев кайра алабы?” деген, “Легендарлуу прокурор Мамакеевге “подстава” жасаштыбы?” деген,”Талапкер Эркин Тентишев солтолордун каарына калды” деген, “Генерал Исаковдун миллиондору жок болсо да, адилеттүүлүгү бар” деген, “Президент Атамбаевдин купулуна толгон премьер” деген макалалар, майда кабарлар басылды. Бакыт Бекмуратовдун баяндамасында“Технократ, жаңы дем, күч-кубат–Икрамжан Илмиянов” деген ат менен саясат, саясатчылар, бийлик, эл жана мамлекет, саясый партиялар тууралуу олуттуу кеп болот. “Азия ньюска” журналист Семетей Талас уулунун “Ак Салам” деп аталган фондду жетектеген, ишкер, берешен, жакында эле Кыргызстанда тартыш болуп жаткан гемодиализ аппаратын алып келген жигиттердин бири Нурмухаммед Миңбаев менен болгон кызыктуу маеги жарык көрдү.

“Асман плюс” гезитине “Талапкерлердин көбү акчалуу бизнесмендер” деген ат менен БШК мүчөсү Жаркын Бапанованын маеги, журналист Вера Аламанованын ”Мээни ооруткан мектеп формасы” деген макаласы жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG