Зардалыда ФАП курула баштады
Баткендин Зардалы айылында айыл түптөлгөнү алгачкы жолу медициналык мекеме курула баштады. Демилге эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Мекеме ушул жылдын аягына чейин бүтөөрү пландалган. Баткен районунун алыскы Зардалы айылына 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирип, бир ай бою айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат. Айылда туруктуу 30дай үй-бүлө жашайт. Ал эми жай айларында айылга баргандардын саны миӊден ашат. Бирок ушул күнгө чейин айылда электр энергиясы, телефон байланышы жок. Медициналык тейлөө жоктугунан бул айылда үйүндө төрөгөн учурлары да болуп турат.
Чыгарылыштар
-
Май 03, 2024
Европада чемпион болгон кыргыз чабандестер
-
Май 03, 2024
Украина: Орусия согушта химиялык куралга өттүбү?
-
Май 02, 2024
ТикТок: АКШ Кыргызстандын жолуна түштүбү?