Ош: төрт миң студент хор ырдады
Ош мамлекеттик университети Экинчи Дүйнөлүк согушка арнап реквием кече өткөрдү. “Священнная война”, “Катюша”, “Келген жок”, “Эстелик”, “День Победы”, “Кыргызстан” ырларын 4 миңден ашуун студенттер хор менен ырдашты. Олтургандар арасында да студенттерге кошулуп ырдагандар да, ыйлагандар да болду. Мындан сырткары каардуу согуш темасындагы ырлар көркөм окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр коюлду. Жыйынга жергиликтүү жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Парламенттер аралык комиссиянын Орусия тараптан теңтөрагасы Виктор Заварзин катышты. Ошондой эле Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрү Надежда Шайденко жана Татьяна Алексеевалар катышты.
Чыгарылыштар
-
Май 14, 2024
Кыргыз армиясында "чоңсунуу" качан токтойт?
-
Май 08, 2024
Аты бар, макамы жок Кенчи
-
Апрель 28, 2024
"Милициянын үч полковниги кармалган"
-
Апрель 28, 2024
700дөн ашуун үйдү суу каптады. Жалал-Абаддагы селдин кесепети